Абактан чыгарда аттестат алган 41 жаштагы Акылбек. Казакстандагы окуя

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТүзөтүү колониядагы киши. Архив
Түзөтүү колониядагы киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аттестатын алган күн 41 жаштагы Акылбек үчүн кош майрам болгон. Себеби ал эртеси эле эркиндикке чыкмак. Жай жашоодо аны үй-бүлөсү, окуучу балдары күтүп аларын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын Павлодар облусунун тургуну абактан чыгарына бир күн калганда орто билими тууралуу аттестатын алды. Окуя тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, аттестатын алган күн 41 жаштагы Акылбек үчүн кош майрам болгон. Себеби ал эртеси эле эркиндикке чыкмак. Жай жашоодо аны үй-бүлөсү, окуучу балдары күтүп аларын айтты.

"Орто билимди абактан алып калам деп түк ойлогон эмесмин. Мамлекетке, мекеме жетекчилигине жана мугалимдерге мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазымын. Түрмөгө түшкүчө айдоочу болуп иштечүмүн. Эми колледжге тапшырайын деген ниет бар. Жазамды жөн өтөбөй, окуп, орто билим алып калдым", — деди Акылбек.

Темир тор артындагы балдар майрамынын өткөрүүсү - Sputnik Кыргызстан
Темир тор артындагы бөбөктөр майрамды кантип өткөрүштү? Сүрөттөр
Павлодар облусундагы түрмө начальнигинин орун басары Болатбек Тулеубаевдин айтымында, абакта китепкана дагы бар. Мугалимдер жазасын өтөп жаткандарга сабак берүү үчүн шаардан келип турушат. Окуу программасы кадимки мектептеги программадан эч айырмаланбайт.

"Карантин учурунда орто билим алып жаткан камактагы адамдар башка мектептердегидей эле окуган жок. Аларга үй тапшырмалары кагаз аркылуу берилип жатты", — деди Тулеубаев.

Быйыл Павлодар облусундагы түрмөнүн алдындагы мектептен 81 адам аттестат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0