Кыргызстанда өткөн суткада 20 бейтап коронавирустан айыкты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГКБ им. Е. О. Мухина возвращается к плановому приему пациентов
ГКБ им. Е. О. Мухина возвращается к плановому приему пациентов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1360 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкканы белгилүү болду.  Ал эми оору жуктургандардын жалпы саны 1974кө жетти.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде коронавируска кабылган 20 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Жакшы болуп кеткендердин 14ү Бишкек шаарында, үчөө Нарын облусунда жана дагы үчөө Ош облусунда дарыланып жаткан.

Ушуну менен Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1360 адам коронавирустан айыкты. Ал эми оору жуктургандардын жалпы саны 1974кө жетти. Тилекке каршы, 22 бейтап каза болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0