Саны азайбай койду. Бүгүн 11 медиктин COVID жуктурганы аныкталды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в ЦИТО им. Н. Н. Приорова
Госпиталь COVID-19 в ЦИТО им. Н. Н. Приорова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 389 учур катталды, алардын ичинен 273 медкызматкер ооруканадан айыгып чыккан.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Алардын ичинен экөө Бишкек шаарында, жетөө Ош шаарында, бирден Чүй жана Нарын облустарында иштейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми стационардан сутка ичинде бир медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 389 учур катталды, алардын ичинен 273 медкызматкер ооруканадан айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0