Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүПодготовка техники коммунальных служб Москвы к летнему сезону
Подготовка техники коммунальных служб Москвы к летнему сезону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактарда дыйканчылык  менен мал чарбасын жолго салып алгандар көп. Алар маңдай тери менен киреше таап, ишкерликтин жаңы түрүн өздөштүрүп, өз алдынча жаңы жумуш орундарын түзүү менен алек.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ошондой элеттик жаратмандарды издеп, алардын ийгиликтери менен бөлүшүүнү эп көрдү.

Бүлүнгөндү бүтүн кылган Бакыт

Чүй районуна караштуу Кегети айылынын тургуну Бакыт Исаев өз колу менен үч айда жаңы трактор курап чыккан. Мурдагы экономист, юрист адистиктери боюнча мамлекеттик кызматты аркалаган элеттик жаранга өмүр бою механизатор болуп эмгектенген атасы жол көрсөтүп, кеп-кеңешин берген.

Исаевдин айтымында, ата-бала бузулуп жаткан техникалардан кубаттуу трактор жасап чыккан.

"Союз тараганда бир топ техника таланып-тонолуп, бөлүктөрү ар кайсы жерде калган. Биз жаңы тракторду төрт техникадан чогулттук. Мисалы, ХТЗ Т-150нүн рамасын, К-700 тракторунун арткы мостун, МАЗдын кыймылдаткычын, КамАЗдын коробкасын алып кабинасын өзүбүз жасадык. Жалпы 14 миң доллардай каражат кетти. Азыр жер айдап бүтүп арык чийгенге кириштик. Азыр ушундай трактор жасап бергиле деп кайрылгандар да чыгууда. Кубаттуулугу 330 аттын күчүнө жетти. Мындай күчтүү тракторлордун жаңысы Европа өлкөлөрүндө азыр 120 миң евро турат", — деди Исаев.

Ошондой эле жаңы автокөлүктү  каттап, ага документ алууда кыйынчылык болуп жаткандыгын кошумчалады.

Киномеханик, уста, токойчу Бекешов

Ал эми Ысык-Көл облусунун Балбай айылында жергиликтүү тургун Кылыч Бекешов аймактарда жашагандарга чакан гидроэлектрстанцияларды жасап берет. Түп районунда токойчу болуп иштеген жаратман инсан ал кызматты өзүнүн негизги жумушунан сырткары аркалайт.

Бекешовдун пикиринде, ал жасап берген чакан ГЭСтер кеңири жайылса, жайлоодогу малчылардын жашоо-шарты кыйла жеңилдемек.

"Тоого жана айылга чакан ГЭС жасап орнотком. Каркыра жайлоосуна бир малчыга да жасап бергем. Аны көчмө кылып чогултууга да болот. Чабандар көчүп-конгондо өзүнө ылайыктап сууга жайгаштырып алат. Ага көп деле каражат, темир-тезек кетпейт. Жыйынтыгында малчылар жарык менен камсыз болуп, уйларын аппарат менен саап, өздөрүнө жакшы шарт түзүп, бекер энергияны көпкө чейин колдоно алат. Арыктагы суунун көлөмүнө жараша бир же эки киловатт электр энергия өндүрсө болот. Аны менен үйдү да жылытууга болот. Буюртма бергендерге да жасап берип жатам", — деди ал.

Союз учурунда киномеханик болуп иштеп калган 58 жаштагы Бекешов, мындан сырткары 30 түтүн болуп жашаган малчылардын чакан айылына он чакырым алыстыктан таза суу чыгарып берген. 

Чабак багып, чарбасын жанданткан Урумкулов

Мурда мал жана  дыйканчылык менен алектенген Алмазбек Урумкулов төрт жылдан бери чабак өстүрүп, ишкерликтин бул түрүн жолго салып алган. Ал Тоң районунун Ак-Өлөң айылында чарба ачып, бир топ балык чарбаларды чабак менен камсыздайт.

"Бул ишти ачууга 50-60 миң доллар сарптап, ишкананы дүйнөлүк стандарт менен салдык. Икраны Польша, Италия, Франция, Даниядан буюртма кылып алдырабыз. Сууга бир-эки ай баккандан кийин эле Чүй, Нарын, Ысык-Көлдөгү балык чарбалар сатып алып кетишет. Балык багуу, анын ичинде икраны өстүрүү өтө чоң мээнетти талап кылат экен. Мына төрт жылдан бери өстүрүүнү үйрөнүп келе жатам. Сууда өлүп калган икралар тез арада алынбаса, анын жанындагылар кете баштайт экен. Андан сырткары, тамагын берип, дарылап туруу керек. Кээде чет өлкөдөн 500 же 800 миң сомго чейин икра алдырабыз. Түйшүгү өтө көп, бирок эки айда эле киреше табууга болот", — деп Урумкулов кеп-кеңеши менен бөлүштү.

Ошондой эле 58 жаштагы элеттик иштерман жети гектар жерге өрүк өстүрүп, Кочкор районунда 100 миңдей балык багат.

Мөмөлүү бактардын эбин тапкан багбан

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл аймагынын тургуну Аллаяр Бостонов 10 гектардан ашык адыр жерди иштетип, ал аянтка мөмөлүү дарак тиккен. Багбан жыл сайын 100 тоннадан ашык түшүмдү чет өлкөгө сатып, жергиликтүүлөрдү жумуш менен камсыз кылат.

Жаш багбан айыл жеринде жашагандарга кеп-кеңештерин да айтып өттү.

"2001-жылы кайрак талаанын 11 гектарына алчанын көчөтүн тиккем. Азыр ал жерде 4000 түпкө жакын өрүк, алча өсүүдө. Быйыл жети гектарга 45 000 көчөт отургуздук. Бакчабызда түшүм жыйноо маалында күнүнө 500гө чукул киши жумушка чыгат. Эң негизгиси азыр мээнет кылыш керек. Саясат менен алектенип отура бербей кыймылдоого убакыт келди", — деди Бостонов.

Жаш ишкер бакчасынын жанына төрт жыл мурда мөмө жана жер-жемиштерди консервациялаган чакан ишкана ачкан. Анын күнүнө беш тонна түшүмдү кайра иштүүгө мүмкүнчүлүгү жетет.

Алыста жүрсөм уй сарайга онлайн көз салып турам

Чүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов төрт түлүк мал багып, айылда ондон ашык адамды жумуш менен камсыз кылат. Ал күнүнө 30 литр сүт берген асыл тукум уйларды, салмагы 7,5 килограммга чейин жеткен үндүктөрдү багып, өзүнүн жеке чарбасын жолго салган. Фермер 12 гектарга беде эгип, кара өрүк бакчасын карап, мал чарбачылыгынын аркасы менен киреше табат. 

© Sputnik / Мирбек СакеновЧүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов
Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги - Sputnik Кыргызстан
Чүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов
"Өзүбүздүн жерди жана ижарага жер алып иштетебиз. Жыл сайын беде, арпа, буудайды кенен эле жыйнайбыз. Гиссар кой, "Ала-Тоо" тукумундагы саан уйларды да кармайбыз. Бир уй суткасына 30 литрге чейин сүт берет. Уйлар талаага же жайлоого такыр чыгарылбайт. Жыл бою сарайдын ичинде чөп, жем менен багабыз. Азыр күнүнө 300-350 литрден ашык сүт заводго тапшырабыз. Ал жерде ондон ашык адам иштейт. Жумушчуларыбыз 15 миң сомдон жогору айлык алат. Жыл аягында кой, торпок белек кылабыз, жакшы шарт түзүп бергенбиз. Мал сарайга видеокамералар орнотулган. Алыста жүрүп чарбада эмне болуп жатканына онлайн көз салып турам. Себеби малга жем-чөбүн өз убагында берип, уйлар графиги менен саалып турушу керек. Чарбада уйлар түркиялык аппарат менен саалат. Буюрса, чет өлкөдөн асыл тукумдуу мал алып келели деген ниеттер бар. Австралиядан страус алып келейин деп жатам. Учурда өзүбүздүн канаттуу, мал кармаган сарайларды оңдоп-түздөп, тоют ала турган аянттарды көбөйтүүдөбүз", — деди Аксакалов.

Жаш жаратман 1990-жылдары талкаланган фермаларды да жаңылап, жети үй-бүлөнү жумуш менен камсыз кылган.

© Sputnik / Мирбек СакеновКүлчоро Аксакалов: мал сарайга видеокамералар орнотулган. Алыста жүрүп чарбада эмне болуп жатканына онлайн көз салып турам
Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги - Sputnik Кыргызстан
Күлчоро Аксакалов: мал сарайга видеокамералар орнотулган. Алыста жүрүп чарбада эмне болуп жатканына онлайн көз салып турам

Жаш жаратман 1990-жылдары талкаланган фермаларды да жаңылап, жети үй-бүлөнү жумуш менен камсыз кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0