Балдар таза абада көп болушу керек. Бишкектеги бала бакчалар үчүн эрежелер

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүРабочая поездка премьер-министра РФ Д. Медведева в Севастополь
Рабочая поездка премьер-министра РФ Д. Медведева в Севастополь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эпидемияга каршы ыкчам комиссия документтерди иштеп чыгып, ал Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтери менен макулдашылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы балдардын бакчада жүрүү боюнча жаңы эреже иштеп чыкты.

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала бакча кызматкерлери COVID вирусуна анализ тапшырат
Эске салсак, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 5-июндан тарта иштей берүүгө уруксат берилген. Бирок мамлекеттик жана менчик бала бакчалардын тарбиячылары толугу менен COVID-19 вирусуна анализ тапшырышы шарт эле.

Мэриядан билдиришкендей, эпидемияга каршы ыкчам комиссия документтерди иштеп чыгып, ал Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтери менен макулдашылды.

Эрежелер:

  • эртең менен бала кирип келе жатканда дене табы текшерилип, дарыгер кароодон өткөрөт;
  • кызматкерлер менен ата-энеден балада вирустун белгилери бар-жогу тууралуу маалымат алынат, анкета толтурулат;
  • имараттын ичинде бет кап кийүү керек;
  • бала бакча кызматкерлери маал-маалы менен бөлмөлөрдү тазалап, дезинфекциялап турууга милдеттүү;
  • бала бакчанын жетекчилиги иш тартибин өзгөртүүсү керек. Мисалы, тайпалар болушунча бири-биринен алыс болуп, байланышпашы зарыл;
  • аба ырайы мүмкүндүк берсе, балдарды болушунча сыртта, таза абада кармоого аракет кылынышы керек;
  • балдар топтошуп ойнобой, бири-биринен 1,5-2 метр аралыкта болушу керек;
  • бөлмөлөр балдар жок кезде желдетилип турушу зарыл. Күнүнө 4-5 ирет 15 мүнөттөн;
  • бала бакчалар үч режимде иштей алат: толук күн, кыска күн жана тайпалар смен менен;
  • канча тайпа иштээри бала бакча жайгашкан аймактагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу.

Ошондой эле мэрия тарбиячы жана ата-энелер үчүн кеңештерди даярдады. Алар менен миниципалитеттин Telegram-каналынан тааныша аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0