"Торугартты" ачуу боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүү башталды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЦеремония запуска инспекторско-досмотрового комплекса на контрольно-пропускном пункте "Торугарт" в Нарынской области
Церемония запуска инспекторско-досмотрового комплекса на контрольно-пропускном пункте Торугарт в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тарап Кытайга жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын ПЦР-тесттерди тапшыруусу каралган жаңы алгоритмди сунуш кылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытай тарап "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Эске салсак, Кытай менен Кыргызстандын чек арасы 8-июндан тарта ачылары, алгач эки тарапка жүк өткөрүп туруу макулдашылганы айтылган. Ал эми иштин деталдарын эки тараптын тиешелүү органдары кийин сүйлөшө тургандыгы кошумчаланган эле.

"Мамлекеттик бажы кызматы менен Синьцзян-Уйгур автономдук районунун (Кытай) Бажы башкармалыгынын башчыларынын жыйыны видеоконференция режиминде өттү. Анда тараптар кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын ПЦР-тесттерди тапшыруусу каралган жаңы алгоритмди сунуш кылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул алгоритм бизнес-коомчулук менен макулдашылганы, аны учурда кошуна өлкөлөр дагы иш жүзүндө колдонуп жатканы кошумчаланган.

Кытай тарап сунушталган алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, зарыл шарттардын тизмесин жөнөтөрүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0