Коронавирус жуктургандар көбөйүүдө! Штаб себебин айтып, эскертүү берди

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБиринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов вирус илештирип алгандар өздөрү кайрылып жатканын белгилеп, эпидемиологиялык териштирүү жетишсиз жүргүзүлүп жатканын сындады.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. COVID-19 инфекциясын массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда жуктургандар көбөйүп, Бишкекте эпидемиологиялык статистика жакшырбай жатат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

"Ар кыл үй-бүлөлүк, салттуу иш-чараларга катышкан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйдү. Өткөрүүгө тыюу салууларга, сунуштарга карабастан, жарандар кайдыгер мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантышууда. Жыйынтыгында тойлордун, тажиялардын жүрүшүндө илдетке кабылышууда", — дешти Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп, бул маселени көзөмөлгө алууга тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаада эпидемиологиялык териштирүү жетишсиз жүргүзүлүп жатканы сынга алынды.

"Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат, статистика азайган жок. Санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Мунун баары кошумча коопсуздук чараларын киргизүү же аларды күчөтүү маселесин кароого алып келет. Жарандар өздөрү кайрылган учурлардын бардыгы эпидемиологиялык топтордун ишинин жетишсиздигин жана алардын кемчиликтерин күбөлөндүрүп турат", — деди Боронов.

Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
2000ден ашты. Бүгүн Кыргызстанда 33 адамдан коронавирус чыкты
Ал кошумчалагандай, үй карантининдеги адамдарга күчөтүлгөн көзөмөлдү улантуу керек.

Мындан тышкары, жыйында Республикалык штаб "Торугарт" өткөрмө пунктунун ишин жандандыруу маселесин талкуулады. Тармактык мамлекеттик органдарга текшерүү алгоритмин иштеп чыгуу жана башка маселелер боюнча бир топ тапшырмалар берилди.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2007 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0