Бийлик өкүлдөрү үч ирет операция болгон акын Омор Султановдун үйүнө барды. Сүрөт

© Фото / Пресс-служба МКИТ КРАлмаз Кененбаев, Азамат Жаманкулов, Кайрат Иманалиев акын Омор Султановдун ден соолугун кабар алышты
Алмаз Кененбаев, Азамат Жаманкулов, Кайрат Иманалиев акын Омор Султановдун ден соолугун кабар алышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кененбаев Омор Султановдун ден соолугуна, ал-абалына мамлекет башчысы да тынчсызданып жатканын айтып, дары-дармегине деп президенттин берип жиберген материалдык жардамын тапшырды.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, орун басары Кайрат Иманалиев акын Омор Султановдун үйүнө барып, ден соолугунан кабар алышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / Пресс-служба МКИТ КРПервый заместитель аппарата президента Алмаз Кененбаев, министр культуры, информации и туризма Азамат Джаманкулов, заместитель Кайрат Иманалиев посетили дом поэта Омора Султанова.
Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, орун басары Кайрат Иманалиев акын Омор Султановдун үйүнө барып, ден соолугунан кабар алышты - Sputnik Кыргызстан
1/4
Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, орун басары Кайрат Иманалиев акын Омор Султановдун үйүнө барып, ден соолугунан кабар алышты
© Фото / Пресс-служба МКИТ КРПервый заместитель аппарата президента Алмаз Кененбаев, министр культуры, информации и туризма Азамат Джаманкулов, заместитель Кайрат Иманалиев посетили дом поэта Омора Султанова.
Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады
© Фото / Пресс-служба МКИТ КРПервый заместитель аппарата президента Алмаз Кененбаев, министр культуры, информации и туризма Азамат Джаманкулов, заместитель Кайрат Иманалиев посетили дом поэта Омора Султанова.
Министрлик акындын чыгармаларын жайылтуу үчүн иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатканын кошумчалады - Sputnik Кыргызстан
3/4
Министрлик акындын чыгармаларын жайылтуу үчүн иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатканын кошумчалады
© Фото / Пресс-служба МКИТ КРПервый заместитель аппарата президента Алмаз Кененбаев, министр культуры, информации и туризма Азамат Джаманкулов, заместитель Кайрат Иманалиев посетили дом поэта Омора Султанова.
Быйыл ноябрда КР эл акыны 85 жашка толот. Омор Султанов 3-даражадагы Манас  орденинин ээси - Sputnik Кыргызстан
4/4
Быйыл ноябрда КР эл акыны 85 жашка толот. Омор Султанов 3-даражадагы "Манас"  орденинин ээси
1/4
Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, орун басары Кайрат Иманалиев акын Омор Султановдун үйүнө барып, ден соолугунан кабар алышты
2/4
Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады
3/4
Министрлик акындын чыгармаларын жайылтуу үчүн иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатканын кошумчалады
4/4
Быйыл ноябрда КР эл акыны 85 жашка толот. Омор Султанов 3-даражадагы "Манас"  орденинин ээси

Билдирмеге ылайык, КР эл акыны Омор Султанов жазында үч жолу оор операция болгон.

"Акын катуу ооруну жеңип, төшөктөн туруп кетти. Азыр деминен, кайратынан жазбай арабызга аралаша баштады. Алмаз Кененбаев, Азамат Жаманкулов, Кайрат Иманалиев акындын үйүнө барып, ден соолугун сурап баарлашып кайтышты. Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Омор Султановдун ден соолугуна, ал-абалына мамлекет башчысы да тынчсызданып жатканын айтып, дары-дармегине деп Сооронбай Жээнбеков берип жиберген материалдык жардамын тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик акындын чыгармаларын жайылтуу үчүн иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Быйыл ноябрда КР эл акыны 85 жашка толот. Омор Султанов 3-даражадагы "Манас"  орденинин ээси.

Ал 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун "Ала-Тоо" журналынан баштаган. 1971-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун жетекчисинин экинчи катчысы, СССР Жазуучулар союзунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болгон. Акындын чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. "Жаңы Ала-Тоо" журналын негиздегендердин бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0