Айылда акча табуунун жолу. Бөдөнө бизнесинин оош-кыйышы тууралуу маек

© Фото / из личного архива Радмира ХайруллинаКыргызстандык Радмир Хайруллин
Кыргызстандык Радмир Хайруллин  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөдөнөнүн этин негизинен кафе менен ресторандар алат. Ал эми жумурткасын бардык дүкөндөрдөн арзан баада сатып алууга болот. Албетте, баасы тооктун жумурткасынан жогору.

Кыргызстандык Радмир Хайруллин курулуш тармагында эмгектенип, ширетүү жана жасалгалоо иштерин аткарат. Кошумча акча табуу үчүн жаш жигит 2016-жылы иш баштоого ниеттенет. Соңку убакта мүнөздөп тамактангандар арасында кеңири таралып бараткан бөдөнөчүлүктү тандап алган.

— Бөдөнө багууга кандайча киришип калдыңыз?

— Окуучу кезимде бул ишти ата-энем баштаган. Алар үй канаттууларынан өрдөк, тоок, бөдөнө багышчу. Айрыкча, мени бөдөнө бөтөнчөлүгү менен кызыктырган, ал убакта бул канаттууну баккан киши аз эле. Акырындап тажрыйба топтодум.

Бөдөнө салынган биринчи торду үйүмдүн залына койгом. Ызы-чуусу бир жагынан, анан чаң десеңиз... Бир нече жыл өткөн соң бул ишти олуттуу түрдө колго алууну чечтим. Дасыгып калган таанышым мага көмөкчү болду. Азыркыга чейин бири-бирибизди колдоп келебиз.

© Фото / из личного архива Радмира ХайруллинаКыргызстандык Радмир Хайруллин cоңку убакта мүнөздөп тамактангандар арасында кеңири таралып бараткан бөдөнөчүлүктү тандап алган
Айылда акча табуунун жолу. Бөдөнө бизнесинин оош-кыйышы тууралуу маек - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Радмир Хайруллин cоңку убакта мүнөздөп тамактангандар арасында кеңири таралып бараткан бөдөнөчүлүктү тандап алган

— Кирешелүү ишпи?

— Бөдөнөлөрдү ар кандай санда, ондон бир нече миңге чейин бакса болот. Албетте, пайда соодага жараша, тынымсыз сатылышы керек. Ушул тапта бөдөнө бизнеси менен алектенгендер толтура. Жакшы жагы — өндүрүм элге жеткиликтүү, экинчиден, атаандаштык болот. Анткен менен бул мурдагыдай эле кирешелүү иш. Анан да пайда өндүрүмдүн түрүнө жараша түшөт. Башкача айтканда, бөдөнөнүн эти же жумурткасына ыктоо зарыл же экөөнү бирдей алып кетүүгө да болот. Албетте, канаттууну тирүү бойдон сатуу абдан кирешелүү, бирок татаал иш. Атаандаштыктын деңгээли да кескин өсүп кетет, ошондуктан мен негизинен бул канаттуунун жумурткасын сатып акча табам.

© Фото / Радмир ХайруллинИшкер: Бөдөнөлөрдү ар кандай санда, ондон бир нече миңге чейин бакса болот. Албетте, пайда соодага жараша, тынымсыз сатылышы керек. Ушул тапта бөдөнө бизнеси менен алектенгендер толтура. Жакшы жагы — өндүрүм элге жеткиликтүү, экинчиден, атаандаштык болот.
Айылда акча табуунун жолу. Бөдөнө бизнесинин оош-кыйышы тууралуу маек - Sputnik Кыргызстан
Ишкер: Бөдөнөлөрдү ар кандай санда, ондон бир нече миңге чейин бакса болот. Албетте, пайда соодага жараша, тынымсыз сатылышы керек. Ушул тапта бөдөнө бизнеси менен алектенгендер толтура. Жакшы жагы — өндүрүм элге жеткиликтүү, экинчиден, атаандаштык болот.

— Бөдөнө багыш кыйынбы?

— Бөдөнө өстүрүп, багуу үчүн бардык шарттарды сактоо зарыл. Мисалы, тоок бакканга караганда көңүл бурууну, камкордукту көп талап кылат. Аларды кармаган жайдын температурасына, жарыктандырылышы, абанын нымдуулугу, жемдин сапаты, суунун тазалыгына маани берүү абзел. Жел кирбей, канаттууларды дүүлүктүргөн нерселер, чоочун кишилер жана башка жандыктар жанында болбошу керек.

— Айтмакчы, алардын жеми боюнча айтсаңыз. Мындай канаттуулар кандай жем жейт? Аларды багууга күнүнө канча убакыт кетет?

Подготовка техники коммунальных служб Москвы к летнему сезону - Sputnik Кыргызстан
Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги
— Жемдин курамында алардын денинин сактыгы жана жумуртка салуусуна бардык керектүү элементтер камтылышы кажет. Дароо эскерте кетейин, жемдин баасы арзан эмес. Дал ушул көрсөткүч өндүрүмдүн наркына таасир этет.

Жемди өзүм даярдап жүргөн кезде менин рецебимде 10дон ашуун ингредиент бар эле. Алардын баары бөдөнөнүн чоңоюшунун ар бир баскычына эсептелген. Жемди арзан түшкүдөй кылууга аракет кылдым, бирок аны даярдоонун өзү эле кыйла убакыт алчу. Ошол себептен даярын эле сатып ала баштагам.

Бул канаттууну багууну алда канча жеңилдетет. Суу берүү да, бункерде жем чачуу да автоматташтырылат. Кааласаң кыгын чыгарууну да автоматташтырып алууга болот. Мисалы, мен күн сайын эң көп дегенде эки саат убактым кетет. Кээде көбүрөөк убакыт керектелет.

© Фото / Радмир ХайруллинЖаш ишкер Радмир Хайруллиндин фермасындагы бөдөнөлөр
Жаш ишкер Радмир Хайруллиндин фермасындагы бөдөнөлөр - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жаш ишкер Радмир Хайруллиндин фермасындагы бөдөнөлөр
© Фото / Радмир ХайруллинБөдөнөнүн жемине жакшы көңүл буруу керек
Бөдөнөнүн жемине жакшы көңүл буруу керек - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бөдөнөнүн жемине жакшы көңүл буруу керек
1/2
Жаш ишкер Радмир Хайруллиндин фермасындагы бөдөнөлөр
2/2
Бөдөнөнүн жемине жакшы көңүл буруу керек

— Чыгым тез акталабы?

— Бөдөнө өзүн 3-5 айда барып актайт. Бөдөнө бизнесинин бөтөнчөлүгү ушунда. Алар тез чоңоюп, ылдам пайда алып келет. Жакшы породадагы бөдөнө дурус шарттарда жылына 300 жумуртка тууйт. Бирок тышкы факторлордун таасирине сезимтал экенин эстен чыгарбоо зарыл. Алгач баштаган жылы бөдөнөлөрүм көп өлүп калчу, азыр ыгын таап, өздөштүрүп алдым.

— Канаттуунун этин, жумурткасын кимге сатасыз? Аябай пайдалуу дешет...

Автор и режиссер проекта Бишкек 140 Эрик Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
Мусулман аялдар жөнүндөгү стереотипти бузгум келет. Жаш ишкер Абдыкалыковдун маеги
— Эгер эти жөнүндө кеп кылсак, кардарларым негизинен кафе менен ресторандар. Себеби кымбат болгондуктан, элдин баарынын чамасы чак келбейт. Тескерисинче, жумурткасын бардык дүкөндөрдөн арзан баада сатып алууга болот. Албетте, баасы тооктун жумурткасынан жогору. Бөдөнөнүн жумурткасы байыртан эле пайдалуу деп эсептелет.

Кытай медицинасында алар дары-дармек жасоо үчүн пайдаланылган. Ал эми эл ичинде да бөдөнөнү көп дартка даба деп эсептешкен. Бул канаттуунун жумурткасы иммунитетти көтөрөт, организмде зат алмашууну калыптандырып, жакшыртат. Бөдөнөнүн жумурткасы тооктукунан айырмаланып диеталык деп саналат, анткени холестерин абдан аз. Кайсы гана курак болбосун, каалаганча жей берсең болот. Маселен, спортчулар булчуңду өстүрүү үчүн бөдөнөнүн жумурткасын жешет. Аллергия гана болуп калбаса, зыяндуу жагы жок.

© Фото / Радмир ХайруллинХайруллин: Бөдөнөнүн жумурткасы кытай медицинасында дары-дармек жасоого пайдаланылган. Ал эми эл ичинде бөдөнө көп дартка даба болгон. Бул канаттуунун жумурткасы иммунитетти көтөрөт, организмде зат алмашууну калыптандырып, жакшыртат. Бөдөнөнүн жумурткасы тооктукунан айырмаланып диеталык деп саналат,
Айылда акча табуунун жолу. Бөдөнө бизнесинин оош-кыйышы тууралуу маек - Sputnik Кыргызстан
Хайруллин: Бөдөнөнүн жумурткасы кытай медицинасында дары-дармек жасоого пайдаланылган. Ал эми эл ичинде бөдөнө көп дартка даба болгон. Бул канаттуунун жумурткасы иммунитетти көтөрөт, организмде зат алмашууну калыптандырып, жакшыртат. Бөдөнөнүн жумурткасы тооктукунан айырмаланып диеталык деп саналат,

— Мындай бизнес менен алектенгиси келгендер ишти эмнеден баштоого тийиш?

— Адегенде өздөрү үчүн багып көрүүгө кеңеш берер элем. Тажрыйба топтоп, бөдөнөлөрдү өлтүрүп алса да чыгымы көтөрө алгыдай болушу шарт. Жок дегенде 10 же 50 мекиян багуудан баштоого болот. Бөдөнөлөр үчүн таза аба кирген, жарыгы азыраак, ызы-чуудан ыраак атайын жайды жабдуу абзел.

Аларды атайын тордо кармаган оң. Бөдөнөчүлөрдүн көбү көп бөлүктүү торлорду колдонушат, багууга ыңгайлуу болуш үчүн аларды катар-катар тизишет. Жемди көп топтоп алып, канаттуулардын жемин, таза суусун үзбөш керек.

Чоңоюп калгандарын баккан кыйла жеңил, балапандарын өстүрүү татаалыраак. Бирок жаңыдан баштаган киши бир суткалык балапан багып чоңойто алса, анда ал бир топ тажрыйбалуу болуп калат. Өзүн сынап көргөн соң бөдөнөчү канаттуунун санын арбытууга чыгына алат. Адегенде жумуртка бастырып, кийин балапан же чоңоюп калгандарын сатып алууга да болот. Менимче, бөдөнөчүлүк — жакшы иш. Элге да чоң пайда, адамдар ден соолугуна кам көрө алат. Себеби экологиялык жактан таза азыктар көп оорудан сакайып кетүүгө мүмкүндүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0