Москвадан 460 кыргызстандык кайтты. Анын 68и эки жашка чейинки балдар. Сүрөт

© Фото / Пресс-служба МИД КРМосквадан Бишкек шаарына кыргызстандык жарандар кайтарылды
Москвадан Бишкек шаарына кыргызстандык жарандар кайтарылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайтып келүүнү каалагандар көп болгондуктан рейстегилердин тизмесин элчилик, диаспора жана клиника өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзгөн.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бүгүн, 7-июнда, Москвадан Бишкек шаарына 460 кыргызстандык жаран кайтарылды. Анын 68и эки жашка чейинки балдар экендигин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / Пресс-служба МИД КРСегодня, 7 июня, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым из России возвращены 460 граждан Кыргызской Республики, том числе 68 детей до 2 лет.
Бүгүн, 7-июнда, Москвадан Бишкек шаарына 460 кыргызстандык жаран кайтарылды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бүгүн, 7-июнда, Москвадан Бишкек шаарына 460 кыргызстандык жаран кайтарылды
© Фото / Пресс-служба МИД КРСегодня, 7 июня, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым из России возвращены 460 граждан Кыргызской Республики, том числе 68 детей до 2 лет.
Анын 68и эки жашка чейинки балдар экендигин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анын 68и эки жашка чейинки балдар экендигин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди
1/2
Бүгүн, 7-июнда, Москвадан Бишкек шаарына 460 кыргызстандык жаран кайтарылды
2/2
Анын 68и эки жашка чейинки балдар экендигин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди

Ага ылайык, жарандар "Аэрофлот — Российские авиалинии" компаниясынын "Москва — Бишкек" каттамы боюнча алып келинди.

Мекенине кайтып келүүнү каалагандар көп болгондуктан, рейстегилердин тизмесин атайын комиссия түзгөн. Анын курамында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана Москвагы кыргыздардын медициналык клиникаларынын дарыгерлери болгон.

"Комиссия ден соолугунда олуттуу көйгөйү барларды, турмуштук оор кырдаалга кабылгандарды, төрөйүн деп калган жана жаш баласы бар аялдарды, улгайган адамдарды тандады. Булардын арасында мурда билет алып коюп уча албай калгандар дагы бар", — деп айтылат маалыматта.

Москвадан кайткан жарандардын бардыгы тишелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Чет жактагы мекендештерди өлкөгө кайтаруу иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0