Кайрадан сел коркунучу жаралууда! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык ишкананын кызматкери. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык ишкананын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ нөшөрлүү жаан-чачындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертти.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүндөн тарта 10-июнга чейин Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Катуу шамал болот. Бул туурасында Кыргызгидромет алдын ала эскертүү берди.

"8-9-июнда республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал. Күн сууктайт", — деп айтылган маалыматта.

ӨКМ мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертти.

8-10-июнда өзгөрүлмөлүү аба ырайынан жана боло турчу нөшөрлүү жаан-чачындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0