34 жыл иштеген. Чкалов мектебинин директору Самаковага жазылган некролог

© Sputnik / Илья Московец / Медиабанкка өтүүАял гүл көтөрүп жатат. Архив
Аял гүл көтөрүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептин гимназия макамын алышына, "Даӊк" медалынын ыйгарылып, "Шаардын эң мыкты мектеби" болуп калуусуна Самакованын эмгеги зор экени белгиленет.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Коронавирус аныкталып Нарын ооруканасында каза болгон Айчүрөк Самакова №2 В.П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында 34 жылдан бери иштеп келе жаткан. Бул туурасында Нарын шаардык мэриясынын Самаковага жазылган некрологунда айтылат.

© Фото / Мэрия города Нарын№2 В.П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын жетекчиси Айчүрөк Самакова
34 жыл иштеген. Чкалов мектебинин директору Самаковага жазылган некролог - Sputnik Кыргызстан
№2 В.П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын жетекчиси Айчүрөк Самакова

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Билим берүүнүн мыктысы, аталган окуу жайдын директору Айчүрөк Самакова 1953-жылы 2-июнда Нарын шаарында төрөлгөн.

Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер-фтизиатры Альберт Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Атам ушундай кезде иштен кетүүдөн уялды. Каза болгон медиктин уулу менен маек
1960-1968-жылдары Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы №2 орто мектебинде билим алган. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң 1968-жылы Нарын медициналык окуу жайына тапшырган.

1971-74-жылдары Нарын обком партиясынын жалпы бөлүмүндө техникалык катчы болуп эмгек жолун баштаган.

1974-83-жылдардын аралыгында ошол эле жалпы бөлүмдүн эсеп-кысап боюнча инструктору, 1983-86-жылдар ичинде аталган бөлүмдүн сектор башчысы кызматын аркалаган.

"1986-жылы В.П.Чкалов атындагы орто мектепке жумушка орношкон. Ушул эмгек жолунда биология сабагынын мугалими, тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген. Кийин 1997-жылы аталган мектеп-гимназияга директорлук кызматка келип, эки чылбыр бир тизгинди колуна алып өмүрүнүн акырына чейин эмгегин арнады. Ал изденгич, талыкпаган өрнөктүү өмүр ээси катары далай сыноодон өзүн алдыга алып кете алган уюштургуч, сезимтал жетекчи катары окуучуларынын, кесиптештеринин, ата-энелердин эсинде калат. Кыргыздын келечеги болгон уул-кыздарды тарбиялоодо, мектептин кем-карчын бүтөөдө алмашкыс жетекчи, алдыны көрө билген даанышман, мээрбан эне болуп көптөгөн бүтүрүүчүлөрүбүздүн көңүлүндө уюп калчу мугалимибиз эле", — деп жазылат некрологдо.

Ошондой эле мектетин гимназия макамына ээ болуусуна, 2007-жылы "Даӊк" медалынын ыйгарылып, 2010-жылы республикада "Шаардын эӊ мыкты мектеби" болуп калуусуна Самакованын эмгеги зор экени белгиленет.

Нарын шаардык мэриясы Айчүрөк Самакованын жакын туугандарына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент коронавирустан каза болгон медиктин жакындарына көңүл айтты. Некролог
Бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Нарында коронавирус аныкталган 67 жаштагы аял каза болгонун билдирген. Ал бейтап оорусун айтпай үйдө жата берип, медиктерге 5-июнда кайрылганда мобилдик бригада барып ооруканага алып келгенин айткан. Абалы өтө оор болгондуктан, 6-июнда Нарын облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө реанимацияга жаткырылган. Тилекке каршы, ал 7-июнда кечинде көз жумган.

Самаковага COVID-19дун эң оор түрү жуккан деген диагноз коюлду. Өпкөсүнөн эки тараптуу пневмония болгон, анемия менен да жабыркачу. Кан басымы өтө жогору болуп, коронавирус жугузуп алгандан кийин организм көтөрө албай калган

Жаңылыктар түрмөгү
0