Жети-Өгүз: үй карантинди бузгандарга айып салынды, экөө Россиядан келгендер

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан киши. Архивдик сүрөт
Жолдо бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин облустагы бөлүмүнүн кызматкерлери келип, протокол түзүп, үчөөнө айып салган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кичи мекени Жети-Өгүзгө Россиядан келип, үй карантин эрежесин бузган эки жаранга жана жергиликтүү бир тургунга 3000 сомдон айып салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты.

Сырттан келгендер — 43 жаштагы эркек жана 22 жаштагы аял киши. Ал эми мыйзам бузган үчүнчү аял ооруп калган адам менен байланышта болгондуктан обочолондурулган.

"Медиктер айткан көрсөтмөнү аткарбаган бул үчөө менен адистер онлайн байланышка чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Андан сырткары Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери келип, протокол түзүп, ар бирине 3000 сомдон айып салган", — деп айтылат билдирүүдө.

Жалпы маалымат боюнча, Ысык-Көл облусунун аймагында COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 18 адам болгон. Ал эми Кыргызстан боюнча инфекцияны жуктургандардын саны 2032ге жетти. Анын ичинен 1445 бейтап айыгып, 23 адам каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0