Желим баштык көтөргөн аял. Архив

Желим баштыкты колдонууга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды

293
Демилгечи депутаттар желим баштыктар айлана-чөйрөгө, адамдардын саламаттыгына зыян келтирип жатканын белгилешти.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары желим баштык алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады.

Аталган документти ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 1-окуудан карап, жактырды.

"Дүйнөлүк тажрыйба тыюу салынган учурда пластикалык таштандылардын көлөмү кыйла азаярын, натыйжада анын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасири да төмөндөй турганын көрсөттү. Бул мыйзам долбоорун дал ушул максатта иштеп чыктык", — деди демилгечи депутат Марлен Маматалиев.

Бир жолу колдонуучу желим баштыктан баш тартууну депутаттар Марлен Маматалиев, Асылбек Жээнбеков, Сагындык Келдибаев, Зарылбек Рысалиев, Тариел Жоробеков, Абдыбек Дүйшалиев, Нурбек Тотонов жана Мирлан Жеенчороев сунуштап жатат.

293
Белгилер:
депутат, тыюу салуу, баштык, желим баштыктар, мыйзам
Тема боюнча
Өлкөдө синтетикалык тор жана электр тогу менен балык кармоого тыюу салынды
Депутат: мыйзам ишке кирсе, желим баштык ыргыткандарга 5500 сом айып салынат
Бишкектеги кишилер айт-намазда. Архив

Кыргызстанда Орозой айт 13-майда белгиленет

21
(жаңыланган 13:21 07.05.2021)
Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Быйыл бул майрам 13-майга туура келгендиктен кыргызстандыктар эс алышат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда бейшемби күнү, 13-майда Орозо айт белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мындай чечимди Аалымдар кеңеши кабыл алган.

Ислам шариатында Рамазан айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Орозо айы кээде 30 же 29 күн болот.

21
Белгилер:
орозо айт, Кыргызстан, Бишкек
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
2021-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь
Орозо кармагандар COVID-19га каршы вакцина алса болобу? Министрликтин жообу
Учак асманда. Архив

Түркстан Бишкек Түркстан аба каттамы ачылмай болду

15
(жаңыланган 13:01 07.05.2021)
Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкектен Түркстанга жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан ары Бишкектен Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларына Түркстан аркылуу учууга болот.

"2021-жылдын 31-майынан тарта Түркстан — Бишкек — Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачуу пландалып жатат. Рейстер дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт", — дешти аба майдандан.

Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.

15
Белгилер:
Түркстан, рейс, Казакстан, Бишкек
Тема боюнча
Керосин жер алдындагы түтүк менен келчү. "Манас" аэропорту кантип курулган
Ростов-на-Дону шаарынан Ошко авиакаттам ачылып, биринчи жүргүнчүлөр келди. Сүрөт