Ооруканада жаткан аял. Архив

Ошто коронавирус аныкталган дагы бир аял каза болду

(жаңыланган 10:28 09.06.2020)
Ушуну менен вирус жуктуруп көз жумган кыргызстандыктардын саны 24кө жетти.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Ош шаардык ооруканасында коронавирус жуктуруп алган 47 жаштагы аял киши көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бейтаптан коронавирус 31-майда аныкталган. Ал Ош шаардык клиникалык ооруканасынын гематология бөлүмүндө дарыланып, химия терапия алып жаткан.

"Бөйрөгү ооруп, шишип жүргөндүктөн, ошого жараша күчтүү дарыларды алып жаткан. Коронавирус жугуп калгандан кийин илдеттеринин бардыгы күчөп, көп органдары жабыркап, акырында жүрөк-кан тамыр системасы иштебей калган. Кечээ дарыгерлердин аракетине карабастан көз жумду", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан 24 киши каза болду.

Белгилер:
каза болду, бейтап, аял
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1596)
Тема боюнча
Бүгүн өлкөдө 23 киши коронавируска кабылганы белгилүү болду
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Мамытов Санкт-Петербургда мекендештер менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева жана Жогорку Кеңештин Парламенттик ассамблеядагы өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

  • Встреча торага Жогорку Кенеша Таланта Мамытова с соотечественниками в Санкт-Петербурге
    Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с соотечественниками, проживающими в городе Санкт-Петербург в рамках рабочего визита в РФ
    Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с соотечественниками, проживающими в городе Санкт-Петербург в рамках рабочего визита в РФ
    Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.
    © Фото / пресс-служба ЖК
1 / 3
© Фото / пресс-служба ЖК
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.

"Төрага каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-карт" системасын киргизүү тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча пикирлерин ортого салган.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов Санкт-Петербугда өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышты.

Белгилер:
жолугушуу, мигранттар, жыйын, Санкт-Петербург
Тема боюнча
Мамытов КМШ парламенттерин коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды
Жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарына кайрылды
Төөлөр. Архив

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулду. Сүрөт

Мындай жол чырак азырынча дүйнөнүн бир да жеринде жок экени айтылды. Ал Кытайдын туристтер көп барган шаарына коюлган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.

​Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.

"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.

Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.

Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.

Белгилер:
турист, жол чырак, төө, Кытай
Тема боюнча
Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта