COVID-19: ооруканада жаткандардын ичинен 10 кишинин абалы оор

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив
 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан боюнча жалпысынан 1483 киши ооруканадан чыгарылды. 24 бейтап вирусту жеңе албай көз жумду.

БИШКЕК, 9-июн. Коронавирус жуктуруп алып ооруканада жаткандардын арасынан 10 кишинин абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Бүгүнкү күндө стационарда 548 адам дарыланууда. Алардын ичинен 10унун абалы оор болсо, экөө реанимацияда”, — деди Үсөнбаев.

Буга чейин жалпысынан 1483 киши ооруканадан чыгарылды. 24 бейтап вирусту жеңе албай көз жумду.

2020-жылдын 9-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 055ке жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0