31 киши ооруну кайдан жуктурганын билбейт! Өкмөт кооптуулук коңгуроосун какты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жумада эле 31 адам COVID-19ду кайдан жуктуруп алганын билбеген факты катталды. Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту кайдан жуктуруп алганы белгисиз жарандар көбөйүп жаткандыктан, атамекендик жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу иштерин тездетүү тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Штаб жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов оорунун белгилери жок, илдетти кайдан жуктурганы белгисиз жарандар күн сайын көбөйүп жатканын айтты.

"Бир жумада эле 31 адам COVID-19ду кайдан жуктуруп алганын билбеген факты катталды. Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар. Бул адамдар Бишкекте коомдук жайларда жуктурган деп болжолдоого болот. Саламаттык сактоо министрлигинин жана Республикалык штабдын бет кап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо боюнча сунуштамаларына кош көңүл кароо кейиштүү кесепеттерге алып келүүдө", — деди Боронов.

Ситуация в пострадавшем от наводнения г. Тулун - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте бала бакчалардын алты кызматкеринен коронавирус чыкты
Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү медициналык багыттагы, анын ичинде жеке коргонуучу каражаттарды жана медициналык жабдуулар боюнча атамекендик өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маселени талкуулашты.

Белгилүү болгондой, учурда жеке коргонуучу каражаттар боюнча тиешелүү сапат стандарты иштелип чыкты. Тармактык мамлекеттик органдарга ыкчам штабдын тапшырмаларын жүзөгө ашыруу боюнча ишти тездетүү милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0