Бишкектеги "Орто-Сай" базары дезинфекциялоо үчүн жабылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековОртосайский рыночный комплекс в Бишкеке
Ортосайский рыночный комплекс в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында тургундар "Орто-Сай" базарына баргандыгын айтышып, коронавирустан шектенип медиктерге өздөрү кайрылган учурлар болгон.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкек калаасындагы "Орто-Сай" базары коронавирус кооптуулугунан дезинфекциялоо үчүн жабылды. Бул туурасында вице-мэр Татьяна Кузнецова шаардык кеңештин отурумунда айткан.

Бийлик борбордун жашоочуларын базарга барганда бет кап менен кол капты сөзсүз кийүүнү эскертип жатат.

"Бүгүн "Орто-Сай" дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылат. Бизге өздөрү кайрылган жарандардын көбү аталган базарга баргандыгын айтышты. Шаар тургундары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", — деди Кузнецова.

Ситуация в пострадавшем от наводнения г. Тулун - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте бала бакчалардын алты кызматкеринен коронавирус чыкты
Вице-мэр Бишкек шаарынын тургундары медиктерге өздөрү коронавирустан шектенип кайрылган учурлар болгонун жана "Орто-Сай" базарына баргандыгын айтышканын билдирди.

Эске салсак, бүгүн республикалык штабдын жыйынында да жарандар COVID-19ду кайдан жугузуп алганын билбей калып жатканы кабарланды.

Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар экендиги айтылган.

2020-жылдын 9-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 055ке жетти. Буга чейин жалпысынан 1483 киши ооруканадан чыгарылды. 24 бейтап вирусту жеңе албай көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0