Арка в Таласской области. Архивное фото

Таластын тургуну коронавирус жуктурган деп шектелүүдө

852
(жаңыланган 17:36 09.06.2020)
Талас коронавирус аныктала элек жалгыз таза облус болчу. Ушу тапта аталган учур боюнча эпидемиологиялык текшерүү жүрүп жатат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Таласта жергиликтүү тургундун бири коронавирус жуктуруп алган деп шектелүүдө. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.

Ушу тапта ал дарыгерлердин көзөмөлүндө, эпидемиологиялык текшерүү жүрүп жатат. Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Талас облусундагы бейтапканалардын биринде коронавирус аныкталып, ал ошол замат жабылганын жазышкан.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус аныкталган алгачкы күндөн тарта (18-марттан) бул аймакта вирус жуктуруп алгандар жок болчу.

Бүгүнкү күндө жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 055 адам коронавирус жуктурду. Алардын арасынан 1 483 адам сакайып, 24 киши көз жумду.

852
Белгилер:
инфекциялык оору, облус, Кыргызстан, коронавирус, Талас
Тема:
Таласка жеткен коронавирус (6)
Тема боюнча
COVID-19: ооруканада жаткандардын ичинен 10 кишинин абалы оор
Ошто коронавирус аныкталган дагы бир аял каза болду
Бишкек ТЭЦинин кызматкрелери. Архив

Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты

2
(жаңыланган 14:55 16.06.2021)
Министр тарифтик жаңы саясат иштелип жатканда бардыгы эске алынгандыгын айтты. Ал энергосистемада каатчылык жок деп билдирди.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстанда эч кандай энергетикалык кризис жок деп билдирди. Ал журналисттерге маалымат берип жатып, энергетиктер кадимки режимде иштеп жаткандыгын айтты.

"Энергетикалык эч кандай кризис жок. Буга силерди ишендирип кетмекчимин. Эгерде бизде баары жаман дей берсек, ошондой болот. Өлкөдө электр энергиясы да өчүрүлгөн жок. Ооба, күзгө-кышка даярдыктын алкагында өчүрүүлөр болот, бирок алар оңдоп-түзөө иштери үчүн алдын ала пландалып жасалат. Кээде чукул кырдаалдар болуп калат, бул эми жашоодогудай эле көрүнүш. Машина кетип баратып өчүп калгандай эле нерсе", — деп түшүндүрдү Бекмурзаев.

Ал министрликтин электр кубатына болгон тарифти көтөрүү долбоору туурасында да айтып берди.

Анын маалыматына караганда, министрлик бул маселеде эл үчүн орток вариантты тапканга аракет кылган.

"Биз бардык алгоритмдерди эске алдык. Кененирээк дагы айтып беребиз. Киреше тапкан деңгээлге чыгаруу үчүн бүгүн биз баарын энерго тармакка салышыбыз керек. Бирок азыркы маалда киреше туурасында сөз жок. Себеби азыр колубузда турган нерсени эртең өнүктүрө тургандай кылып сактап калышыбыз керек", — деди министр.

Долбоордо эл үчүн бирдей тарифти (1,09 сом) коюу сунушталган. Анткен менен акырындап көтөрүү пландалган. Элге жана насостук станцияларга электр энергиясынын тарифин 2022-жылы 17,5 пайызга, 2023-жылы 15 пайызга көбөйтүү каралууда. Ал эми 2024-жылдан баштап калк үчүн тариф иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлине карата түзөтүлүп турары айтылган.

2
Белгилер:
тариф, электр кубаты, Доскул Бекмурзаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Сунушталган 1,09 сомдук тарифти жыл сайын көбөйтүүнү айтышууда. Канчага өсөт?
Өзбекстанда жеке компаниялар электр энергиясын сааттап сата баштайт
Милиция кызматкерлери. Архив

ИИМ: тергөө кызыкчылыгынан улам Инандыны издөө иши толук жарыяланбайт

6
(жаңыланган 14:53 16.06.2021)
Кыргызстандык Орхан Инандыны издөө иши ички иштер министри, генерал-майор Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн Орхан Инандыны табуу үчүн жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшү боюнча толук маалымат берилбейт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Кыргызстандын бүт аймагы боюнча издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат. Жалпы жонунан ички иштер органдарынын 1000ден ашык кызматкери тартылган.

Мындан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү тергөө иши жүргүзүлүп жатат.

"Кыргызстандык Орхан Инандыны издөө иши ички иштер министри, генерал-майор Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө", — дешти ИИМден.

Орхан Инандыны табуу боюнча масштабдуу иш улантылып жатканы кошумчаланды.

Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.

Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.

6
Белгилер:
Орхан Инанды, тергөө, Кыргызстан
Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу
Тема боюнча
Орхан Инандынын унаасынан тартылган соңку кадрлар. ШИИБ адвокатка жооп берди
Инанды менен кезиккен Мелис Турганбаев эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берди