Жээнбеков Ош облусуна эки күндүк иш сапар менен барат

Жазылуу
Иш сапарынын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарына барып, коогалаңда каза болгондорду эскерет.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө региондоруна иш сапарларын улантып, 10-11-июнь күндөрү Ош облусуна иш сапар менен барат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Иш сапарынын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарына барат. Июнь окуясы маалында каза болгондорду эскерип, "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл коёт", - деп айтылган маалыматта.

Иш сапарынын алкагында Ош облусундагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышары айтылды.

Андан сырткары өнөр жай жана айыл чарба объектилеринин ишин көрөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0