Кореядан 12 кыргызстандык кайтып келип, обсервацияга жаткырылды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач мекендештер Алматынын аэропортуна конуп, андан соң медиктердин коштоосунда атайын унаа менен Бишкекке алып келинген.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бүгүн, 10-июнда, Бишкекке Кореядан кыргызстандык 12 киши алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Шереметьево аэропортунда учактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Июнь-июлда Россиядан Кыргызстанга жума сайын чартердик каттамдар уюштурулат
Ага ылайык, бул рейс Кыргызстан менен Казакстандын ТИМдеринин сүйлөшүү жүргүзүүсүнүн негизинде ишке ашкан. Мекендештер алгач Кореянын Asiana Airlines авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматынын аэропортуна конушкан. Андан соң медиктердин коштоосунда атайын унаа менен Бишкекке келишти.

Сырттан келгендер медициналык текшерүүлөрдөн өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарды мекенине кайтаруунун ар кандай жолдору, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен кайтаруу иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0