Таласта коронавирус жуктуруп алган бейтап медик болуп чыкты

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ жергиликтүү ЖМКлар Таласта коронавируска бир адам шектелип жатканын жазып чыгышкан. Кийин Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты тастыктаган.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Талас облусунда коронавирус аныкталган жаран медицина кызматкери болуп чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй менен Жалал-Абадда COVID жуктурган эки бейтап каза болду. Чоо-жайы
Жалпысынан акыркы суткада өлкө боюнча алты медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Алардын үчөө Чүй облусунда, калгандары Ош, Талас облустарында жана Бишкек шаарында иштейт.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде бир медкызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 409 учур катталды, алардын ичинен 294 медик стационарлардан айыгып чыккан.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус аныкталган алгачкы күндөн тарта (18-марттан) Таласта вирус жуктуруп алгандар жок болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0