Боронов: эми COVID-19дун жайылышына себеп болгон кызматкерлер жоопко тартылат

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевЗаседание Республиканского оперативного штаба
Заседание Республиканского оперативного штаба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттөгү штабдын жыйынында күз-кыш мезгилине жакшы даярдануу зарылдыгы, ал маалда ооругандардын саны өсүшү ыктымал экендиги айтылды.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилик кетирген жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

"Элдин саламаттыгы жана өмүрү силердин ар бириңердин ишиңерге, жоопкерчиликтүү мамилеңерге байланыштуу. Ишиңерде эч кандай калпыстыктар жана кемчиликтер болбоого тийиш. Бир түзүмдүн жетишсиз иши башка ведомстволордун ишинин көбөйүп кетишине таасирин тийгизет", — деди Боронов.

Вице-премьер ар бир кемчилик ооруга кабылгандардын саны көбөйүп кетишине алып келерин айтты.

"COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилик кетирген жооптуу адамдар жоопко тартылат. Күз-кыш мезгилине жакшы даярдануу зарыл, ал маалда ооругандардын саны өсүшү ыктымал", — деди өкмөт мүчөсү.

Ситуация в пострадавшем от наводнения г. Тулун - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте бала бакчалардын алты кызматкеринен коронавирус чыкты
Мындан тышкары, Боронов коомдук жайларда эрежелер сакталбай жатканына токтолду. Мисалы, кафелерде келген адамдардын ортосунда аралык сакталбай жатканына, такси айдоочулары бет кап тагынбай иштегенине нааразы болду.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрдө вирусту кандай жуктурганы белгисиз болгон учурлар көп каттала баштады. Бир жума ичинде вирус аныкталган адамдардын ичинен 31 бейтап COVID-19га кайдан чалдыкканын өздөрү билбей калган. Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0