Ооруп жүргөн, кээде баспай калчу... Актёр Марат Жантелиев тууралуу 12 факты

© Фото / Заир ИсаковБелгилүү актёр, куудул, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев. Архив
Белгилүү актёр, куудул, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эли дагы бир талантынан ажырады. Ал улуу манасчы Саякбай Каралаевдин образын жанданткан, театр, кино дүйнөсүнө жашоосун арнаган, элдин эсинде "Бопуш" деген ат менен калган актёр Марат Жантелиев.

59 жаш курагында асылган дарттын азабынан көз жумган кыргыздын белгилүү инсаны тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги фактыларды даярдады.

Медиктердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Марат Жантелиев 1961-жылы 3-мартта Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур өрөөнүнүн Лахол айылында туулган. Ата-энесинин экөө тең медицина тармагында эмгектенишкен. Атасы Лахол айылындагы күчтүү дарыгерлердин бири болгону айтылат. Жантелиев журналисттерге берген маегинде тукумунан артист деле чыкпаганын айтып, эс тартып, мектепте окуп жүргөндө Бакирдин Аалиев, Капар Медетбеков, Кеңеш Курманалиева, Койсун Карасартова сыяктуу адамдардын чыгармачылыгына катуу таасирленгенден улам артист болуп калганын баса белгилеген.

Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Булбул жана торгой. Ээрчишип кеткен эгиз акын Элмирбек менен Зайырбек
Атасы, инисинин көзү өткөн. Марат Жантелиев үч эркектин ортончусу болгон. Инисинин көзү өткөнүнө көп жыл болгону айтылды. Актёрдун апасынын азыр көзү тирүү.

Чылым чегип, арак ичкен эмес. Марат Жантелиев бала чагын "көз айнекчен, пионер жагоомду чыкыйта байлап, кийинчерээк комсомол значогумду тагынып, жалаң "5ке" окуган окуучу элем. Ичкен жокмун, тамеки тарткан жокмун, ата-энемдин тарбиясы катуу болчу" деп эскерген. Ал Лахол айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин ата-энесинин "кой-айына" карабай Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтуна (ВГИК) өтүп кеткен. Окуу жайды артыкчылык менен бүтүргөн.

"Ак илбирстин тукуму" тасмасындагы оорулуу бала. "Ак илбирстин тукуму" тасмасын көргөндөр болсо, андагы Саяк аттуу оорулуу баланын образы дароо көз алдыга тартылса керек. Дал ошол образ Марат Жантелиевдин кинодо жараткан алгачкы ролдорунун бири. Ошондон баштап ал катар-катары менен фильмдерге тартылып, жылдызы жана баштаган.

© Sputnik / Александр Федоров"Ак илбирстин тукуму" тасмасындагы Саяк аттуу оорулуу баланын образын Марат Жантелиев жараткан. Бул анын кинодо жараткан алгачкы ролдорунун бири
Ооруп жүргөн, кээде баспай калчу... Актёр Марат Жантелиев тууралуу 12 факты - Sputnik Кыргызстан
"Ак илбирстин тукуму" тасмасындагы Саяк аттуу оорулуу баланын образын Марат Жантелиев жараткан. Бул анын кинодо жараткан алгачкы ролдорунун бири

Базарда соода кылган күндөр. Марат Жантелиев буга чейин берген маектеринде 90-жылдардагы каатчылык заманда үй-бүлөсү абдан кыйналганын айткан. Мындан улам актёр жубайы менен базарга чыгып, жарма сатып жан баккан.

"Жубайым экөөбүз бирөөдөн спорттук кийимдерди алып, ЦУМдун алдына жайып алып сата баштадык. Мен ары-бери басып ошол жерде жүрөм, келинчегим сатуучу болуп турат, бирок экөөбүз тең соодага жок экенбиз, күнү бою туруп бирди да сатпай кеткен учурлар көп эле болду. Болбойт экен деп аны таштап, "Ош" базарды аралап жарма сатып жүрдүк. Үйдөн жасап, бидондорго куюп алып троллейбус менен ташычубуз. Базарда соода кылып отургандарды аралап "жарма, жарма" деп кыйкырып сатабыз. Бул да колубуздан келбеди. Аялым жасагандан, мен саткандан тажадым. Бала-чака багыш керек эле, иштебесем болбойт же башка жумуш жок" деп айткан эле.

© Sputnik90-жылдардагы каатчылык заманда Жантелиев аялы менен соода кылып, "Ош" базарында жарма да сатып калган
Ооруп жүргөн, кээде баспай калчу... Актёр Марат Жантелиев тууралуу 12 факты - Sputnik Кыргызстан
90-жылдардагы каатчылык заманда Жантелиев аялы менен соода кылып, "Ош" базарында жарма да сатып калган

Жаштар театрында 20 жылдан ашык эмгектенген. Жантелиев Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрына 1992-жылы кирген. Ошол учурдан өмүрү өткөнчө жашоосун, талантын дал ошол театрга арнаган. Жаштар театрынын сахнасында "Найман эне" спектаклинде Жоламан, "Талант жана тагдыр" спектаклинде казак режиссёру, "Үч кемпир" спектаклинде Акиш кемпир, "Көчкү" спектаклинде Карыя сындуу бир нече таасирдүү образдарды жараткан.

Кантип "Бопуш" болуп калган. Марат Жантелиев коомчулукка "Бопуш" деген лакап ат менен таанылган. Чыгармачылыктагы түгөйү Сакиш (Айнура Тургунбаева — ред.) экөө мурда "Кер какшык" деген концертте Мар Байжиевдин сатираларын ойноп чыгышкан. Анда Бопуш, Сакиш, Какиш жана башка аттар бар эле. Ошондон баштап Бопуш менен Сакиш  эл аралап концерт коюп, сатира дүйнөсүнө аралашкан.

© Фото / предоставлено Айнурой ТургунбаевойАктёр чыгармачылыктагы түгөйү Сакиш (Айнура Тургунбаева — ред.) экөө мурда "Кер какшык" деген концертте Мар Байжиевдин сатираларын ойноп чыгышкан. Анда Бопуш, Сакиш, Какиш жана башка аттар бар эле
Ооруп жүргөн, кээде баспай калчу... Актёр Марат Жантелиев тууралуу 12 факты - Sputnik Кыргызстан
Актёр чыгармачылыктагы түгөйү Сакиш (Айнура Тургунбаева — ред.) экөө мурда "Кер какшык" деген концертте Мар Байжиевдин сатираларын ойноп чыгышкан. Анда Бопуш, Сакиш, Какиш жана башка аттар бар эле

Бомж, Каке – Жантелиев жараткан образдар. Актёр ар бир тасмада берилген ролду ийине жеткире аткарганын анын образдарынан эле көрүнүп турат. Алсак, "Президент жана бомж" тасмасында бомждун ролу, "Чиркин өмүр" кыргыз сериалында өтүкчү Какенин образы. Ошондой эле ал "Мосфильм" студиясы тарткан "Очарованный странник" тасмасында Жылкычынын образын жараткан. Мындан башка да бир топ тасманын көркүн ача алган.

"Саякбайдын" образын жаратуу үчүн 20 килограмм кошкон. Актёрдун тасмада жараткан акыркы жана көрүнүктүү ролдорунун бири манасчы Саякбай Каралаевдин образы. Режиссёр Эрнис Абдыжапаровдун бул тасмасына тартылып, манасчынын образын жаратуу үчүн Жантелиев 20 килограмм салмак кошкон. "Атайын салмак кошоюн деп камыр тамактарды жеп, аз кыймылдагам" деп айтканы бар. Ал тасмага тартылып жатканда 90 килограммга чейин салмак кошконун, мунун айынан салмагын көтөрө албай тизеси ооруганын да маек берип жатып кошумчалаган эле.

Үй-бүлөсү. ЖМКларда жазылган маалыматтарга караганда, Марат Жантелиевдин жубайы Асел Дооронбаева кесиби боюнча журналист болгон. Бирок турмушка чыгып, бала-чакалуу болгон соң ал жумушун улаган эмес. Кийин ал бала бакчада тарбиячы болуп иштеп жатканын айткан. Жубайлардын ортосунда бир уул, эки кызы бар. Жантелиевдин улуу баласы үйлөнүп, ата-энесин неберелүү кылган. Балдарынын баары мектепти аяктаган.

Көп күттүргөн наам. Марат Жантелиев "КР эмгек сиңирген артисти" деген наамды кечээ жакында эле алды. Ага чейин Жаштар театрынын жамааты аны 20 жыл мурда эле наамга көрсөткөн, бирок кандайдыр бир себептер менен ала албай жүргөн. Ортодо беш жыл мораторий киргизилип, кийин чогуу иштешкендери документтерин улам алып барып жатып, акыры Жантелиевге "КР эмгек сиңирген артисти" деген наам 2018-жылы ыйгарылган. Мындан сырткары, ал Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын жана Советбек Жумадылов атындагы театралдык сыйлыктын лауреаты болгон.

© SputnikЖакын санаалаштарынын айтымында, актёрдун боор, бөйрөгү ооруп жүргөн. Айрым учурда буттары баспай калчу
Ооруп жүргөн, кээде баспай калчу... Актёр Марат Жантелиев тууралуу 12 факты - Sputnik Кыргызстан
Жакын санаалаштарынын айтымында, актёрдун боор, бөйрөгү ооруп жүргөн. Айрым учурда буттары баспай калчу

Ооруп жүргөн. Жакын санаалаштарынын айтымында, актёрдун боор, бөйрөгү ооруп жүргөн. Айрым учурда буттары баспай калчу. "Саякбай" тасмасына тартылып жүргөн учурунда да буту баспай калып, кийин жакшы болгонун өзү маек берип жатып айткан эле. Театрда бирге иштешкен кесиптештери Марат Жантелиев 2020-жылдын февраль айынан бери дарыланып жүргөнүн айтышты. Актёр жабышкан дарттан улам 9-июнь күнү ооруканадан үзүлгөн. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0