COVID-19: өлкөдө кошумча бир нече лаборатория ачылат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкери жумуш учурунда. Архив
Лабораториянын кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга туристтик сезондун жана жүк ташуу үчүн айрым чек ара көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын ачылышы себеп болууда.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Өлкө аймагында дагы бир нече мобилдүү вирусологиялык лаборатория ачыларын брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Буга туристтик сезондун жана жүк ташуу үчүн айрым чек ара көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын ачылышы себеп болууда.

Алар:

  • "Чалдовар" өткөрмө пунктунун ишке киришине байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районунда мобилдик лаборатория ачылат. Бул үчүн Нарын облусундагы лаборатория алып келинди;
  • Нарын шаарында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын лабораториясынын базасында коронавирусту аныктоочу лаборатория иштей баштайт;
  • Аталган инспекциянын Ысык-Көлдүн Каракол жана Балыкчы шаарларындагы лабораториясынын базасында дагы вирусологиялык лабораториялар ачылат.

Буга чейин туристтик сезондун башталышына байланыштуу Чолпон-Ата шаарында дагы лаборатория иштээри айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0