Белгилүү актёр Марат Жантелиевдин сөөгү жерге берилди

© SputnikАктёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев
Актёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги Учкун конушундагы актёрдун өз үйүндө өттү. Ага бийлик жана маданият өкүлдөрү катышкан.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Актёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

Белгилүү актёр, куудул, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ооруп жүргөн, кээде баспай калчу... Актёр Марат Жантелиев тууралуу 12 факты
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги Учкун конушундагы актёрдун өз үйүндө өттү. Ага бийлик жана маданият өкүлдөрү катышкан.

Кыргызстандагы белгилүү актёр, Бопуш деген ат менен белгилүү болгон талант Марат Жантелиев кечээ, 9-июнда, ооруканадан үзүлгөн. Ал 59 жашта болчу. Артында бир уул, эки кызы калды.

Марат Жантелиев Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур өрөөнүнүн Лахол айылында туулган. Ал Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенип келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0