Кыргызстанда 660 миңден ашуун бала жакырчылыкта жашайт. Статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековБала үйдүң урандылардын арасында турат. Архив
Бала үйдүң урандылардын арасында турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан өтө жакыр турмушта жашагандардын саны 2019-жылы 1 миллион 313 миң адамды түздү. Алардын ичинен 73,8 пайызы айыл жергесинде жашагандар.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн жылы 17 жашка чейинки 660 788 бала өп-чап турмушта жашачу. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Жакырчылыкта жашаган балдардын саны аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары — 58 336;
  • Ош шаары — 31 129;
  • Жалал-Абад облусу — 160 945;
  • Ош облусу — 105 273;
  • Баткен облусу — 89 476;
  • Чүй облусу — 88 642;
  • Ысык-Көл облусу — 61 647;
  • Нарын облусу — 44 627;
  • Талас облусу — 20 713.

Жалпысынан өтө жакыр турмушта жашагандардын саны 2019-жылы 1 миллион 313 миң адамды түздү. Алардын ичинен 73,8 пайызы айыл жергесинде жашагандар. Ошол эле учурда былтыр мурдагы жылдарга салыштырмалуу кедейчиликтин саны кыскарганы байкалган.

"Өткөн жылы жакырчылыкта жашагандар жалпы элдин санынын 20,1 пайызын түзгөн. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 2,3 пайызга азайды дегенди түшүндүрөт. Аймактарга бөлүп карай турган болсок, айыл жергесиндегилер арасында кедейчилик 5,4 пайызга, шаарларда 0,5 пайызга кыскарган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жокчулук Талас облусунда (8,8 пайызга), Жалал-Абадда (5,3), Нарында (2,5), Баткенде (1,2) жана Ошто (0,7) азайган. Бишкекте бул көрсөткүч 3,5 пайызды, Ош шаарында 14,8 пайызды түзгөн. Ал эми жашоосу начарлагандар Чүй (3,5 пайыз) жана Ысык-Көл облустарында (2,9) көп кездеше баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0