Оору жайылып кетсе, карантин киргизилет! Талас башчысынын эскертүүсү

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер блокпостто турат. Архив
Медициналык кызматкер блокпостто турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус башчысы дүкөн, базар, ишкана ээлерине эскертүү берип, эрежелер аткарылбай турган болсо, баары жабыларын айтты.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Талас шаарында иштеп жаткан базар, дүкөн, ишканалар санитардык талаптарды аткарбаса, мэр шаарга карантин киргизип койгонго укуктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев брифинг учурунда билдирди.

Облус башчысы дүкөн, базар, ишкана ээлерине эскертүү берип, эрежелер аткарылбай турган болсо, баары жабыларын айтты.

"Эгерде базар, соода түйүндөрү санитардык эрежелерди аткарбай, оору күчөй бере турган болсо, анда шаар мэри калаага карантин киргизип, дүкөн, базарларды жаап салууга укугу бар. Азыркы учурда биз да баарын кыдырып эскертүү берип жатабыз. Буга чейин илдет жок болчу, эми вирус пайда болду. Санитардык эрежелерди аткарбаса, чекесинен жаба баштайбыз. Антпесек, коронавирусту толук кандуу тазалап чыга албай калабыз", — деди Мураталиев.

Полномочный представитель правительства в Таласской области Марат Мураталиев - Sputnik Кыргызстан
"Таласка кирбейт" деп жатып... Облус башчысы Мураталиев элге кайрылды
Ал муктаждыгы болбогон ата-энелерге кайрылып, балдарын бакчага алып барбай эле кое турууну да суранды.

Эскерте кетсек, Талас облусунда коронавирус биринчи ирет 9-июнда медицина кызматкеринен табылган. Кыргызстанда коронавирус аныкталган алгачкы күндөн тарта (18-марттан) Таласта вирус каттала элек болчу.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2129 болсо, анын ичинен 1630у айыгып чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 26 адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0