Бириккен Араб Эмирлигинен Бишкекке 187 мекендеш келди. Арасында балдар бар

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Чартерный рейс авиакомпании "Fly Dubai" по маршруту Дубай-Бишкек
Чартерный рейс авиакомпании Fly Dubai по маршруту Дубай-Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
187 кыргызстандык Араб Эмирлигинен Бишкекке учардын алдында коронавирус боюнча  экспресс-тесттен өтүп, жыйынтыктары таза чыккан.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Борбор калаага Бириккен Араб Эмирлигинен 187 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-июнда, "Манас" эл аралык аэропорту Дубай —  Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамды тосуп алган.

"Сырттан алып келинген 187 мекендештин арасында балдар дагы бар. Алар учардын алдында коронавируска экспресс-тесттен өтүп, жыйынтыктары таза чыккан. Кайтып келгендердин бардыгы бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды", — деп айтылат билдирмеде.

Штаб чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенге алып келүү боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0