Өкмөт айлык, пенсия убагында берилерин айтты

Жазылуу
Асрандиев өлкө бюджетинин абалы жакшы эмес болсо дагы, өкмөт социалдык милдеттерди өз убагында аткаруу үчүн болгон күч-аракетин жумшап жатканын баса белгиледи.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бардык социалдык төлөмдөр, пенсия жана жөлөк пулдар убагында берилет. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда маалымдады.

Ал мамлекеттик органдардын айлык акысы да өз маалынан кечиктирилбей берилерин кошумчалады.

"Өлкөдө бюджеттин абалы жакшы эмес. Бирок ага карабай социалдык милдеттерди өз убагында аткаруу үчүн болгон күч-аракетти жумшап жатабыз. Өкмөт пенсия, жөлөк пул жана мамлекеттик органдардын айлык акысын өз учурунда берип жатат жана мындан ары дагы бул иштер ушундай эле тартипте аткарылат", — деди Асрандиев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2129 болсо, анын ичинен 1630у айыгып чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 26 адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0