Бишкекте айрым ишкана, заводдордо суу өчөт

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСезонное отключение горячей воды
Сезонное отключение горячей воды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суу 14-июнь күнү эртең мененки саат 9дан кечки 17:00гө чейин Садовая, Чокон Валиханов көчөлөрүндө, Чүй проспектисинде жана темир жол линиясынын аймагында болбойт.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Мэрия 14-июнда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жана ишкана, заводдорунда суу өчөрүн маалымдады.

Ага ылайык, суу 14-июнь күнү эртең мененки саат 9дан кечки 17:00гө чейин Садовая, Чокон Валиханов көчөлөрүндө, Чүй проспектисинде жана темир жол линиясынын аймагында болбойт. Ошондой эле Учкун жаңы конушунда да өчөт.

Мындан сырткары, төмөнкү ишкана, заводдордо өчүрүлөт:

  • "Учкун" корей борбору;
  • Чолпон-Ата көч. 2 дарегинде жайгашкан автоунааларды жана айдоочулук күбөлүктөрдү каттоо департаменти;
  • Ыкчам бажы кызматы;
  • Чылым чыгарган фабрика;
  • "Бишкек сүт" ишканасы;
  • Чокон Валиханов көчөсү, 15/1 ( "Аламүдүн" станциясы);
  • "Форестор", "Народный" дүкөндөрүнүн кеңсеси;
  • "Промзона" клубу;
  • Асфальт заводу;
  • Валиханов көч. жайгашкан "Яшар" тегирмени;
  • "БОЭМЗ" ишканасы;
  • Валиханов көчөсүндөгү "Бекнур" тиричилик дүкөнү;
  • Автосборочная көч. 11/2 (Бак-дарак иштетүүчү завод);
  • "Бессер" заводу;
  • Чүй пр. "Горынин" ишканасы;
  • Чүй пр. 2/6. "Би Стар" компаниясы;
  • Виноградная көч.170, муз тебүүчү аянтча;
  • Кара-Жыгач жаңы конушундагы мончо.

Мэрия бул жерлерде оңдоо иштери жүрө турганын айтып, келтирген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурады.

Жаңылыктар түрмөгү
0