Бүгүн Кыргызстанда 37 кишиден коронавирус чыкты

© AFP / TOM PENNINGTONКоронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери
Коронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта стационарда 472 киши дарыланып жатат. Анын бирөө реанимацияда. Ушуну менен вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2166га жетти.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 37 адамдан коронавирус аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

  • Бишкек – 19;
  • Чүй облусу - 13;
  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусу - 2;
  • Баткен облусу - 2.

Жаңыдан жуктуруп алгандардын арасында алты медицина кызматкери бар. 

Ушуну менен республика боюнча коронавирус 2166 адамдан аныкталды. Анын 1168и сакайып үйүнө чыкты. Тилекке каршы, вирус 26 кишинин өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0