Өлкөдө коронавирусту дагы 38 адам жеңип, ооруканадан чыгарылды

© Sputnik / Владимир АстапковичДарыгер ооруканада. Архив
Дарыгер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сакайгандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларынан болду. Алардын кайталап алган тесттеринин жыйынтыгы таза чыккан.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 38 киши коронавирусту жеңип, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ош базары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базары да дезинфекцияга жабыла турганы айтылды
Анын айтымында, сакайгандардын 13ү Бишкектен, ону Ош шаарынан, тогузу Чүй облусунан, бешөө Нарын облусунан жана бирөө Баткен облусунан болду.

Алардын кайталап алгандар тесттеринин жыйынтыгы таза чыккан.

Республика боюнча жалпы 1668 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0