Бир жашка чейинки 33 бөбөк коронавирус жуктурган. КРдеги статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер бөбөк менен ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер бөбөк менен ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статистикага таянсак, коронавирус жуктуруп алгандардын көбү 20 жаштан 35 жашка чейинки адамдар. Орто муундун өкүлдөрү да вирусту көп илештирип алып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жалпы бир жашка чейин 33 наристеден коронавирус табылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Министрдин орун басары коронавирус илештирген бейтаптардын жаш курагын тизмектеп, алардын көбү 20 жаштан 35 жашка чейинки адамдар экенин баса белгиледи.

Коронавируска кабылгандардын жаш курагы:

  • 15-жашка чейинки балдар — 269, анын ичинен 33ү бир жашка чыга элек ымыркай;
  • 16-19 жаштагылар — 84;
  • 20-35 жаштагылар — 826;
  • 36-55 жаштагылар — 633;
  • 56 жаштан жогоркулар — 334.

Үсөнбаевдин айтымында, азыркы тапта 472 киши стационарда дарыланып жатса, анын бири жандандыруу бөлүмүндө.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2166га жетип, андан 1668и айыкты. Тилекке каршы, оорудан 26 бейтап көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0