Бишкектеги ресторанга куран окутууга барган конокторго айып салындыбы? Жооп

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүКиши кафеде куран окуп жатат. Архив
Киши кафеде куран окуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле чектөө киргизилгенине карабастан Бишкектеги ресторандардын биринде куран окутуу болгон. Айрым ЖМКлар иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары жана аткаминерлер барганын жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы "Кайнар" ресторанына куран окутууга барган конокторго мыйзам боюнча айып салынбайт. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифинг учурунда билдирди.

Жакында эле чектөө киргизилгенине карабастан аталган ресторанда куран окутуу болгон. Мындан улам ресторан администрациясы 3 000 сомдук айыпка жыгылган. Айрым ЖМКлар куран окутуу иш-чарасына Жогорку Кеңештин депутаттары жана аткаминерлер барганын жазып чыгышкан.

Кундашев эгер алдын ала бул боюнча маалымат түшсө, массалык иш-чараны өткөрүүгө тыюу салынмактыгын баса белгиледи.

"Биз, милиция жана акимиат кызматкерлери, иш-чара болуп жаткан жерге барып, бул иш-чарага тыюу салмакпыз", —деди ал.

Джал микрорайону. Архив - Sputnik Кыргызстан
12-кичи район, Жал. Коронавирус көп катталган Бишкектеги микрорайондор
Белгилей кетсек, өлкөдө өзгөчө кырдаал режими алына элек. Ошондой эле бир катар мекемелердин ишмердүүлүгүнө да уруксат берилген эмес. Анын ичинде өлкөдө той-аштарды уюштурууга да азырынча болбойт.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2166га жетип, андан 1668и айыкты. Тилекке каршы, оорудан 26 бейтап көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0