Боронов: кечээги иш-чара аша чапкандык, мындай ресторандар жабылат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКарантин учурунда жабык кафе. Архив
Карантин учурунда жабык кафе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер маршруткаларда жүргүнчүлөр бет кап тагынбай жүргөнүн жана ресторанга көп сандагы адам чогулганын сынга алды.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Санитардык эрежени бузган коомдук транспорт, такси, кафе жана ресторандар жабылат. Бул туурасында Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Жыйында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов тармактык мамлекеттик органдарга объектилерди текшерүүнү күчөтүү тапшырмасын берген.

"Маршруткаларда жүргүнчүлөрдүн үчтөн бири гана бет кап тагынып жүрөт. Такси жана дүкөндөрдө деле ушундай көрүнүш. Кечээ көп адамдын катышуусунда ресторанда өткөрүлгөн үй-бүлөлүк иш-чара аша чапкандык. Бишкек мэриясы мындан ары ушул сыяктуу окуяларга жол бербөө үчүн чара көрүүгө тийиш. Коомдук унаада жана тамактануу жайларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлүшү шарт", — деди Боронов.

Ресторандагы официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: аттуу-баштуу адамдар эле той-ашка уруксат берүүнү суранып жатат
Мындан сырткары, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлардын иши талкууланган. Биринчи вице-премьер эл аралык аба каттамдарын жандандыруу, кыргыз-кытай чегиндеги өткөрмө жайларды ачуу маселелери боюнча тийиштүү алгоритмин сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген.

Белгилей кетсек, 11-июнда чектөө киргизилгенине карабастан Бишкектеги ресторанда куран окутуу болгон. Айрым ЖМКлар ал жерге Жогорку Кеңештин депутаттары жана аткаминерлер барганын жазып чыгышкан. Мындан улам ресторан администрациясы 3 000 сомдук айыпка жыгылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0