Көп киши чогултуп куран окуткан ресторан дагы мыйзам бузуп, убактылуу жабылды

© Sputnik / Медиабанкка өтүүНачало священного для мусульман месяца Рамадан в странах СНГ
Начало священного для мусульман месяца Рамадан в странах СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь районунун акими Максим Ситников, шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев Санитардык экологиялык инспекция жана райондук милиция менен барганда дагы куран окутулуп жаткан.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы "Кайнар" рестораны бүгүнкүсү менен үчүнчү ирет массалык иш-чара өткөрүп жатканда "колго" түшүп, айып пул салынып, убактылуу жабылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал жерге Октябрь районунун акими Максим Ситников, шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев Санитардык экологиялык инспекция жана райондук милиция менен барганда дагы куран окутулуп жаткан.

"Банкет өткөрүүчү залда көп адамдар отуруп, куран окутуу болуп жатыптыр. Албетте, бардык санитардык нормалар бузулган экен. Санитардык патруль протокол түздү. Айып пулдан сырткары ресторан тиешелүү органдын өзгөчө көрсөтмөсүнө чейин жана эпидемиологиялык абал оңолгуча жабылды", — деп айтылат маалыматта.

Ресторандагы официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: аттуу-баштуу адамдар эле той-ашка уруксат берүүнү суранып жатат
Эске салсак, 11-июнда чектөө киргизилгенине карабастан Бишкектеги ресторанда куран окутуу болгон. Айрым ЖМКлар ал жерге Жогорку Кеңештин депутаттары жана аткаминерлер барганын жазып чыгышкан. Мындан улам ресторан администрациясы 3 000 сомдук айыпка жыгылган.

Ал эми вице-премьер Кубатбек Боронов аталган окуя аша чапкандык экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0