Бишкекте санитардык посттор кайда жайгашкан? Тизме

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРабота аэропорта Внуково
Работа аэропорта Внуково - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык постто тургандар шаарга кирип келе жаткан жарандын дене табын текшерүүгө укуктуу. Эгер жаран коронавирус же сасык тумоого шектелсе, медицина кызматкерлери аларды андан ары текшерүү үчүн обсервацияга жөнөтө алышат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы калаага кирип келе жатканда жана шаарда канча санитардык пост бар экенин айтып, алардын тизмесин жарыялады.

Бишкек шаарына кирип келе жатканда 12 блокпост бар. Алар:

  • Айланма жол ("Ак-Жол") — Васильевский тракт көчөсү;
  • Айланма жол — Пригородный айылы;
  • Айланма жол — Маевка айылы (айлампа жол);
  • Айланма жол — Теңдик жаңы конушу;
  • Айланма жол — Киргизская көчөсү (Төмөнкү Ала-Арча);
  • Айланма жол — Келечек жаңы конушу;
  • Айланма жол — "Азамат" базары;
  • Айланма жол — "Дордой" базары;
  • Айланма жол — Ибраимов көчөсү;
  • Айланма жол — Курманжан датка көчөсү;
  • Айланма жол — ГЭС-5 (айлампа)
  • Айланма жол — Ленин көчөсү.

Блокпосттордогу ишке ЖКККББнын 24 кызматкери, ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматынын 40 кызматкери, ИИМ атайын дайындоо полкунун 40 кызматкери жана Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин 24 кызматкери тартылган.

"Санитардык постто тургандар шаарга кирип келе жаткан жарандын дене табын текшерүүгө укуктуу. Эгер жаран коронавирус же сасык тумоого шектелсе, медицина кызматкерлери аларды андан ары текшерүү үчүн обсервацияга жөнөтө алышат", — деп айтылат маалыматта.

Азык-түлүк ташыган фермер, ишкерлер калаага эч тоскоолдуксуз кире турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0