Экс-депутат Болот Шер инсульт болуп ооруканага түштү, азыр комада

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭкс-депутат Болот Шер
Экс-депутат Болот Шер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК депутаты Садык Шер-Нияздын айтымында, агасы ооруканага мурдагы күнү түндө түшкөн. Азыр анын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалашууда.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Экс-депутат Болот Шер инсульт алып ооруканага түштү. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Болот Шердин бир тууган иниси, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз тастыктады.

Анын айтымында, экс-депутат ооруканага эки күн мурда түшкөн.

"Болот Шер Улуттук госпиталга мурдагы түнү инсульт алып түшкөн. Азыр абалын орточо оор деп баалап жатышат. Миталип Мамытович баштаган дарыгерлер тобу абалына көз салууда", — деди Садык Шер Нияз.

Садык Шер-Нияз агасы комада экенин да тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0