Бишкекте конок тоскон дагы эки ресторан айыпка жыгылды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүШаардагы ресторан. Архив
Шаардагы ресторан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта калаадагы эпидемиологиялык абалды эске албастан кафе жана ресторандардын көбү шалаакы мамиле кылып жатканы белгиленди.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы "Салтанат" жана "Сары-Челек" ресторандары карантиндик эрежени бузгандыгы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тойканаларга карата Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин ("Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын, чечимдерин аткарууда тартип бузуу") негизинде протокол түзүлгөн. Мында жеке тараптарга 3 000, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул каралган.

Работа салона красоты в Иванове - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте АЗС, сулуулук салон, дүкөн, кафелерге 1 млн. сомдон ашык айып салынды
Маалыматта калаадагы эпидемиологиялык абалды эске албастан кафе жана ресторандардын көбү шалаакы мамиле кылып жатканы айтылат.

Ошону менен биргеликте көп элдин катышуусунда той-аштарды өткөрүүдөн баш тарткан рестораторлор да бар экендиги белгиленди.

Белгилей кетсек, буга чейин, 11-июнда, чектөө киргизилгенине карабастан Бишкектеги ресторанда куран окутуу болгон. Айрым ЖМКлар ал жерге Жогорку Кеңештин депутаттары жана аткаминерлер барганын жазып чыгышкан. Мындан улам ресторан администрациясы 3 000 сомдук айыпка жыгылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0