Москвадан Ошко 355 мекендеш келди. Арасында кош бойлуулар, ымыркайлар бар

Жазылуу
Борттогу орундуктар чектелүү болгондуктан, каттамга алгач төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана эки жашка чейинки жаш баласы бар аялдар тандалып алынган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Москвадан Ош шаарына 355 кыргыз жараны алып келинди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, мекендештер Кыргызстанга бүгүн, 13-июнда, "Аэрофлот — Россия аба жолдору" авиакомпаниясынын "Москва — Ош" каттамы менен келишкен.

"Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болуп, борттогу орундуктар чектелүү болгондугуна байланыштуу, каттамга алгач төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана эки жашка чейинки жаш баласы бар аялдар тандалып алынган. Тизмени диаспора өкүлдөрү, медик, элчилик кызматкерлеринен турган комиссия түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алына турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0