Симптому билинбей өрчүгөн коронавирус өпкө менен бөйрөктү жабыркатат

© REUTERS / SANTIAGO ARCOSДарыгер бейтаптын өпкөнүн рентген сүрөтүн карап жатат. Архив
Дарыгер бейтаптын өпкөнүн рентген сүрөтүн карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, илдеттин белгиси жок бейтаптардын көбү жаштар, алар ооруканага барбайт. Бирок дарыгерге башка себептер менен баш багып калганда органдары жабыркаганын билишет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алгандар, же башкача айтканда, симптомдору билинбегендер көбүнчө өпкөсү жыйрылып жана бөйрөгүнүн иштеши бузулуп жатканын байкашпайт. Бул тууралуу РИА Новостиге Жордж Мейсон университетинин (АКШ) профессору, биология илимдеринин доктору Анна Баранова айтып берген.

"Оорунун белгилери жок адамдар көбүнчө жаштар, алар ооруканага барбайт. Бирок дарыгерге башка себептер менен баш багып калганда, маселен, уйку безин компьютердик томография аркылуу текшертип жатып, өпкөсү жабыркаганын көрөт. Эгер анын көлөмү кичирейип калган болсо, бул коронавирустан кабар берет", — деген Баранова.

Аял баласы менен өкмөткө каршы нааразычылык акциясынын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индия дүйнөдө COVID көп катталган алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди
Дарыгер белгилегендей, COVID-19 менен ооруган адам бөйрөгүнүн иштеши начарлап кеткенин да байкабай жүрүшү мүмкүн. Ал көбүнчө канга анализ тапшырганда билинет.

Профессор коронавирус жаштардан сырткары кош бойлууларда билинбей өтө турганын кошумчалаган. Бирок адис боюнда барларга оорунун симптомдорун текшерүү менен алектенбей эле коюуга чакырган. Себеби ден соолукка кооптуу процедуралар болушу ыктымал. Ошондуктан адамдар менен байланышты гана азайтууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0