Дагы 9 медикке вирус жукту, алардын бешөө Бишкекте иштегендер

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив


 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 438 учур катталды, алардын ичинен 341 кызматкер айыгып чыкты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

“Алардын бешөө Бишкек шаарында, үчөө Чүй облусунда, бири Нарын облусунда иштейт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми сутка ичинде эки медик айыгып, стационардан чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 438 учур катталды, алардын ичинен 341 кызматкер айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0