COVID: бүгүнкү 78 кишинин 35и кайдан жуктурганы белгисиз. Күн сайын көбөйүүдө

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүТез жардам дарыгери. Архив
Тез жардам дарыгери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирустун кайдан жукканы белгисиз болуп жаткан көрүнүшкө Республикалык ыкчам штабдын жыйынында өкмөт дагы тынчсызданып, күн сайын эпидемиологдор инфекция булагын аныктоо көйгөйүнө дуушар болуп жатканын айтууда.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту кайдан жуктуруп алганын билбегендердин саны күн санап өсүүдө. Мындай бүтүмгө Республикалык штабдын күнүмдүк маалыматтарынан улам келүүгө болот.

Бүгүн жаңы катталган 78 учур болсо, анын ичинен 35 киши (45 пайыз) вирусту кайдан илештиргенин так билбейт. Мындан эки күн мурда жуктурган 37 учурдун 14үндө вирустун булагы аныкталган эмес. Ал эми кечээ күнкү 41 учурдун 18и белгисиз болгон.

Мындай көрүнүшкө Республикалык ыкчам штабдын жыйынында өкмөт дагы тынчсызданып, күн сайын эпидемиологдор инфекция булагын аныктоо көйгөйүнө дуушар болуп жатканын айтууда.

"Ооруну жуктуруп алуу булагы аныкталбаган жактардын көпчүлүгү өзүнүн ооруп калгандыгын базарларга баруусу жана коомдук транспортто жүрүүсү менен байланыштырууда. Коомдук транспортту 60-70 пайыздан ашык толтурбоо жана анда милдеттүү түрдө маска кийүү талабын мониторингдөө боюнча ишти күчөтүү зарыл. Анткени коомдук транспортто социалдык обочолонууну сактоо кыйынчылыкка турат", — деди Республикалык штабдын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев.

Ошондой эле ал мындай шартта оору жугузуп алгандарды эртелеп аныктоо жана байланышта болгон жактарды өз учурунда изоляциялоого зарыл экенин белгиледи.

Дарыгерлер. Архив


 - Sputnik Кыргызстан
Дагы 9 медикке вирус жукту, алардын бешөө Бишкекте иштегендер
"Базарлардын кире беришинде кызматкерлердин дене табын текшерүү үчүн стационардык тепловизорлорду орнотуу зарыл. Дене табы жогору экендиги аныкталган кызматкерлер ишке кое берилбеши керек. Ден соолугу кооптондурган пенсия курагындагы адамдар коомдук жайларга барбай турганы жакшы", — деди Кененбаев.

Ошондой эле "118" колл-борборунун маалыматтык-агартуу ишин жана мобилдик бригадалардын ишин күчтөндүрүү зарылдыгы белгиленди.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0