Гемодиализге муктаж 174 бейтап өкмөттүн эсебинен акысыз дарыланууга өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековГемодиализ процедурасындагы бейтап. Архив
Гемодиализ процедурасындагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бюджеттик негизде 1691 адам гемодиализ алат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бөйрөк оорусунун 5-стадиясы менен жабыркап, өз каражатына диализ алып жүргөн 174 бейтап эми аны бюджеттин эсебинен ала турган болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, өкмөт буга 75 миллион сом бөлгөн.

"Бул бейтаптар ушул жылдын январь айынан бери кезекке туруп, акчаны өз жанынан төлөп диализ алып келишкен. 13-июнда Саламаттык сактоо министрлигинде өкмөттүн эсебинен ала тургандарды комиссия карады. Тандалгандар 15-июндан тарта кымбатка турган медициналык кызматты мамлекеттин эсебинен акысыз алышат", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө өлкөдө бюджеттик негизде 1691 адам гемодиализ алат, анын ичинен 1408и Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан, 283ү мамлекеттик жеке өнөктөштүк багыты менен "Фрезениус Медикал Кеа" гемодиализ борборунан алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0