COVID жуктуруудан коркуп, санааркагандан кантип арылуу керек. Психологдун кеңеши

© AP Photo / Alvaro BarrientosМедициналык маска кийген кыз. Архив
Медициналык маска кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис вирустан анчалык сактанбай, өзүн эркин алып жүргөн адамдарга ачуулануунун зарылдыгы жок экенин эскертет. Андан сырткары COVID боюнча көбүртүп-жабырта жазылган макалаларга көңүл бурбоого чакырган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алуу коркунучун жана ашынган ой-санааны кантип жеңсе болорун РИА Новости агенттигине Россиянын илимдер академиясынын илимий кызматкери, психолог Анна Юсупова айтып берди.

"Азыркыдай вирус кулач жайган же карантинден акырындык менен чыга баштаган учурда аны жугузуп алам деп корккондор көп. Бул кадыресе көрүнүш, адам өзүн-өзү сакташы керек. Бирок аша чаап санаага бата берүүгө дагы болбойт. Бул, тескерисинче, ден соолукка зыянын тийгизет. Негизгиси гигиенаны сактап, вирус жугуп калышы мүмкүн делген жайлардан оолак болуу кажет”, — деди Юсупова.

Ошондой эле адис вирустан анчалык сактанбай, өзүн эркин алып жүргөн адамдарга ачуулануунун зарылдыгы жок экенин эскертет.

Москва во время режима самоизоляции жителей - Sputnik Кыргызстан
Ажырашуу, толуп кетүү, стресс... Адистер карантиндин кесепеттерин айтып берди
"Көчөгө чыксаңыз, бет капсыз, жай турмуштагыдай эле кичине балдарын ээрчитип, ээн-эркин жүргөндөр аз эмес. Албетте, алар кандайдыр бир деңгээлде өздөрүнө жана айланадагыларга коркунуч жаратып жатат. Бирок аларга кыжырланып, ачуулануунун кереги жок. Андан көрө нервиңизди сактаңыз”, — дейт психолог.

Мындан тышкары ал тааныштар айткан маалыматтын баарына ишене бербөөгө жана айрым “сенсация издеген” ЖМКлардын көбүртүп-жабыртып жаткан макалаларына көңүл бурбоого чакырган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0