Ишкер Туратбек Монкоев. Архив

Колу-бутуман ажыраганыма өкүнбөйм. Павлония багын өстүргөн Монкоев менен маек

800
(жаңыланган 17:17 14.06.2020)
42 жаштагы Туратбек Монкоев бир нече жыл мурда кырсыктап, бир колунан жана бир бутунан айрылып калган. Чарбакер жашоодогу кыйынчылыктарга моюн сунбай үйлүү болуп, бүлөсүн багып, ишкерлик менен алектенип келет.

Ал өзүнүн аракети, басып өткөн жолу менен көптөгөн мекендештерге үлгү боло алат. Жаратман инсан менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Бишкек шаарынын четиндеги жер тилкеңизге азыр эмнелерди өстүрүп жатасыз?

— Эки жылдан бери павлония дарагынын көчөттөрү менен алекмин. Короого атайын чакан бөлмө куруп көчөт  өстүрүүдөмүн. Башында 5000 даана отургузуп, сата баштаганыма аз эле болду. Үйдө кыздарым жардамдашып, акырындык менен бул ишти өздөштүрүп жатам. Павлония аябай назик өсүмдүк экен. Бөлмөдө нымдуулукту сактап, убагында сугарып турбасаң эмгегиң текке кетчүдөй. Мындан сырткары калифорниялык сөөлжан багып баштадым. Аны менен үйдө кыбырап, кыктан биогумус даярдоого болот. Жакында төрт кошуна биригип жер алдынан суу чыгарып, бул жумушту колго алганы турабыз. Негизинен майда-чүйдө ишкерлик менен алектенем, анткени колу-бутум жакшы иштебейт.

Кыргызстанский фермер Туратбек Монкоев
© Фото / из личного архива Туратбека Монкоева
42 жаштагы Туратбек Монкоев бир нече жыл мурда кырсыктап, бир колунан жана бир бутунан айрылып калган

— Павлониянын көчөттөрү менен иштөө кирешелүү бекен?

— Азырынча көчөт гана өстүрүп жатам. Билинбегени менен бул иш деле көп акчаны талап кылат экен, тапканымды эле кайра өзүнө салуудамын. Суукка чыдамдуу, бийик тоолуу аймакта өскөн павлониялардын үрөнүн эле 4000 сомго алгам. Тажрыйбанын жоктугунан 3000 даанасы гана өсүп чыкты. Быйыл Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы бир айылга 700 даана жана өзүмдүн үйүмө дагы тигип койдум. Менин ден соолугума байланыштуу аларды тааныш, туугандарым каралашып жатат. Ошондой эле Ысык-Көл, Нарын облусундагы айылдарга 400гө жакын көчөт саттым. Азыр элеттиктер бул өсүмдүктү жакшы тааный элек. Мындан улам сатып алууну каалагандар дагы аз. Эгер жолго коюлса, дарактар чоңойгондо жакшы киреше берет.

— Павлония сырттан алып келинген өсүмдүк болуп жатпайбы, биздин дыйкандарга анын артыкчылыгын айтыңызчы?

— Бул өсүмдүк Нарын, Ысык-Көлдө жылына 2,5 метрге чейин өсөт экен. Чүй облусунда анын диаметри беш жылда эле 30-35 сантиметрге чейин жетет. Анткени борбор калаада мурда отургузулган дарактардын өсүп жатканын көрүп жүрөм. Бир гектар жерге 1089 даана тигилсе, үчүнчү жылда гүлдөгөндө бал челектерди коюп бир тоннага чейин бал алууга мүмкүн. Өсүп жетилгенден кийин жыгачынан кайык, лыжа, сноуборд жасап, курулуш материалдарына колдонсо болот. Павлониядан жасалган курулуш материалдары өтө бышык, отко туруктуу келип, пластикке мыкты альтернатива болот, отун катары колдонсо табы көмүрдөн да күчтүү. Кийин анын тамырын кыйып, калемче кылып дыйкандар көчөтүн көбөйтө алышат.

— Чоңураак аянтка тигүү аракеттериңиздер барбы?

— Негизи быйыл бир гектар жерге тигейин деген планым бар болчу. Акчадан улам иш аягына чыкпай калды. Эсептесем тегерегин тосууга эле 80-90 миң сом кетет экен. Тамчылатып сугаруунун жабдуусу, кошумча шаймандар талап кылынат. Анан өзүмдүн жеке менчик жерим болбогондуктан азыр Ысык-Көл, Чүйдөгү айыл өкмөттөр менен келишим түзүүнү көздөп жатам. Буюрса, насыя албай, демөөрчүлөрү жок эле өз алдыбызча каралбаган 20-30 гектар жерди өздөштүрөм деген ой-максаттар бар. Азыр укуктук жагын карап аракет көрүп жатабыз.

Кыргызстанский фермер Туратбек Монкоев
© Фото / из личного архива Туратбека Монкоева
“Сол колум чыканагыман ылдый жок, экинчи колумдун манжалары бар, бирок начар иштейт. Ага карабай тиричилик көрүп жатам”, - дейт Туратбек Монкоев

— Биринчи топтогу майыптыгыңыз бар экен. Кыйналган жоксузбу? Дегеним, азыр алты саны аман адамдар иштин көзүн таппай жүрүшөт...

— Бир нече жыл мурда ток уруп, денем күйүп кырсыктагам. Ойлонбой кылган оокаттан улам бир колум жана бир бутуман айрылып калгам. Сол колум чыканагыман ылдый жок, экинчи колумдун манжалары бар, бирок начар иштейт. Бир бутум жок, экинчи бутум алсыз, балдак менен 200-300 метрге чейин гана баса алам. Ага карабай тиричилик көрүп жатам. 

Жашоомдо кыйынчылык, тоскоолдуктар көп эле болду. Отуруп алып Кудайдан "бутумду же колумду эле беш мүнөткө берип турчу" деп ыйлаган күндөрдү башыман өткөрдүм. Көчөдө балдак, коляска менен жүргөндө аябай кыйналып, кээде протезден бутум жооруп кетчү. Өзгөчө шаарда коомдук транспорт салбай коюп, бир маршрутканы аялдамада 5-6 саат күтүп турчумун. Ага карабай 2005-2006-жылдары бир бирдикти эки сомдон салып, кийин "Ош" базарда уюлдук телефон сатып тыйын тапканга аракет кылдым. Буга чейин жүк ташуучу автоунаа менен кышкысын Кара-Кечеден көмүр ташып да иштеп калдым. Жети жыл мурда жалгыз бутум ооруп баспай калгам. Алты ай коляскада отуруп калдым. Ошондо дагы өзүмдүн жеңил автоунаамды чыканагым менен айдап иштеп жүрдүм. Себеби үй ээси болгондон кийин бүлөнү, бала-бакыраны багуу жоопкерчилиги менин мойнумда да. Акыркы 2-3 жылда кошумча нерв оорулары пайда болуп, кыйнап жатат. Кыйынчылыктын баарын намаз окуп, Кудайды таанып, Жараткандын ыраазычылыгы менен жеңдим. 

Кыргызстанский фермер Туратбек Монкоев
© Фото / из личного архива Туратбека Монкоева
Монкоев: Ушундай тагдырга туш болгонума өкүнбөйм. Балким, колу-бутуман, ден соолугуман айрылбаганда Кудайды тааныбай калмакмынбы деп ойлоп калам.

— Жакында үйлүү болупсуз, төрт кызыңыз бар экен, бешинчи перзентиңизди күтүп жатыпсыз...

— Мен бактылуу адаммын. Былтыр дос, тууган, кайын журт, кошуналарым жана кайрымдуу адамдар жардамдашып жаңы үйүбүздү жарым-жартылай бүтүп кирип алдык. Карызыбыз 180 миң сом болуп кеткен. Аны дагы төлөп бүтүп калдым. Эң негизгиси Жаратканды таптым. Ушундай тагдырга туш болгонума өкүнбөйм. Балким, колу-бутуман, ден соолугуман айрылбаганда Кудайды тааныбай калмакмынбы деп ойлоп калам. Бул дүйнөдө адам баласы түрдүү кырдаалдарга кабылат экен. Бирине байлык, бийлик берип, экинчисине ден соолугун алып сынайт. Адам бардыгына даяр болуп,  сыноолордон татыктуу өтүшү керек. Буюрса, далай ийгиликтерди жаратабыз.

800
Белгилер:
маек, ишкердик, Кыргызстан
Тема боюнча
Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги
Адамдар артымдан күбүрөнүп калышчу. Бишкектик ишкер кыздын баяны
Мусулман аялдар жөнүндөгү стереотипти бузгум келет. Жаш ишкер Абдыкалыковдун маеги
Мектеп окуучу. Архивдик сүрөт

Илим менен техникага кызыгасызбы? Кыздар үчүн сынак жарыяланды

10
(жаңыланган 08:30 01.10.2020)
Сынактын жеңүүчүсү 11-октябрь — Кыздардын эл аралык күнүнө карата алдыңкы айымдар менен өтө турган онлайн-сессияга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болору айтылган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Илимге, математикага жана заманбап технологияларга кызыккан, орто мектептердин 7-11-классында, колледжде, училище жана башка окуу жайларда билим алган кыздар үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондунун сайтына жайгашкан маалыматта айтылган.

"Сиз 11-октябрь — Кыздардын эл аралык күнүндө "Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында алдыңкы айымдар менен өтө турган "Илимдеги кыздардын күчү" онлайн-сессиясынын катышуучуларынын бири боло аласыз. Биздин лозунг — өзүңдү башкалардын чектелүү элестетүүсү менен чектебе, — деп жазылган маалыматта.

Россияда билим алууга квота бөлүү: система реформаланат, орун көп болот

Дискуссиянын катышуучусу болуш үчүн үч талапты аткаруу зарылдыгы айтылган. Негизгиси бир мүнөттүк видео тартуу керек:

  • сиздин илимге, математикага, технологияларга кызыгууңузду;
  • карантин маалындагы сабактарыңыз, тажрыйбаңызды;
  • илим, математика, технология тармагындагы билимди пандемия жана башка инфекцияларды токтотууда кантип пайдаланууга боло тургандыгын баяндап бериш керек;
  • өзүңүздүн чөйрөңүздө илим, математика, технология тармагындагы билимди колдонуп кандай позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоо боюнча;
  • мектептеги илим тармагындагы дисциплиналарды кызыктуураак жана интерактивдүүрөөк кылуу жөнүндө идеяларыңыз менен бөлүшүңүз.

Андан соң видеону Instagram же Facebook социалдык тармагына #IDG2020 #GirlsInScience #ДевочкиВНауке #ИлимдегиКыздар хештектерин кошуп жүктөө керек. Бул — экинчи талап.

Фонд үчүнчү шарт катары коюлган посттун шилтемесин aakimjanova@unicef.org дарегине жиберүү керек экендигин билдирген. Дагы бир маанилүү учур, өтүнмөлөр 4-октябрга чейин кабыл алынат.

10
Белгилер:
билим, сынак, кыздар, Кыргызстан
Тема боюнча
Карындашыңа кайдыгер болсоң күйөөсү кордойт. Агалар кызга таянар тоо бололу
Мектептеги окуучулар. Архив

Кыргызстанда окуучулар кайсы айда мектепке барары айтылды

10419
(жаңыланган 22:40 30.09.2020)
Мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. 2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка караганда, 2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. 

Ага ылайык, окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугу медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана бет кап режимин сактоого тийиш. Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.

3D китебинин автору: оюн түрүндөгү "Ойнобук" баланын акылын өстүрөт

Ошондой эле кызматкерлердин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар-жогу боюнча анкета толтурулуп турат.

“Эгерде мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча бекитилген расписаниеге ылайык кадимки режимде окуу процесси уюштурулат. Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү расписание боюнча окутулат. Тагыраагы, сабактардын башталышы жана тыныгуулар ар кандай убакытта уюштурулат. Мисалы, 1-2-класстарда сабак 8.00дө башталса, 3-4-класстар саат 8.30га келишет. Балдардын саны 500гѳ чейин болсо, кезектешүү негизде болот. Мисалы, 1-2-3-класстар 1-кезметте, 4-5-6-класстар 2-кезметте окушат. Ашканада тамактануу процесси да смена боюнча уюштурулат”, — дешти штабдан.

Муну менен катар мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

Ал эми мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Бирок бул иш-чарада пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат.

10419
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп
Талас облусундагы Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейи

Маданият министрлиги Таластагы экспонаттарга бай музейди карамагына алат

0
(жаңыланган 08:49 01.10.2020)
Музей 1959-жылы ачылган, анда СССРдин кыл сүрөтчүлөрүнүн айрым эмгектери, тарыхый казууларда табылган буюмдар сакталуу.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Талас облусундагы Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейин Маданият министрлигинин карамагына алуу пландалып жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов аталган музейге барган. Ал жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен маданий мекемени министрликтин карамагына алуу тууралуу сүйлөшкөн.

"Жолугушууда музейдеги экспонаттарды сактоо жана эффективдүү пайдалануу маселеси талкууланды. Буга чейин министрлик тарабынан, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылдык кеңеши менен биргеликте Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейин мамлекеттик менчикке өткөрүү тууралуу бир катар иш аракеттер жүргүзүлүп келген", — деп айтылат маалыматта.

Таласта табылган петроглифтерди министр көрүп келди. Сүрөт

Музей алгач 1959-жылы сүт ферманын бир бөлмөсүндө ачылып, кийинчерээк эски мектептин имаратына көчүрүлгөн. Азыркы имараты 1989-жылы курулуп колдонууга берилген. Музей экспонаттарга бай, анын ичинде тарыхый казууларда табылган буюмдар да бар. Теодор Герцендин өзүнүн жана уулу Теодордун эмгектеринен тышкары мурунку СССРге кирген 15 республиканын кыл сүрөтчүлөрүнүн айрым эмгектери да орун алган.

0
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, Маданият министрлиги, музей, Талас
Тема боюнча
Иштебеген Тарых музейинин айланасына тосмо эмне үчүн коюлган? Расмий жооп
Алайда талкаланган петроглифтер маданий баалуулуктар тизмесинде жок болуп чыкты