Ата-энемди жер караттым... Аракечтиктен жабыркаган жигиттин тагдыры

CC0 / Pixabay / Жол жээгинде сыра кармап отурган адам. Архив
Жол жээгинде сыра кармап отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардар бир үй-бүлөнүн уулу тапканын бүт ичип, колундагы акчасын аракка сарптаган. Бөтөлкөнүн түбүнө түшкөн тагдырды жеңген кыргызстандык башынан өткөргөндөрүн айтып берди.

Белгилүү себептер менен каарманыбыздын аты-жөнүн атабадык. Айткандарын төкпөй-чачпай назарыңыздарга сунуштап турабыз.

Баса, биздин каарман бөтөлкө түбүнө түшүп кеткендер кайрылса, башынан өткөргөн тажрыйбасынан улам, "жинди суудан" арылууга жардам берерин да айтты. Анда сөз башынан болсун.

...Мен ичкиликке берилгем, болгондо да кандай азгырылгам. Ачуу суудан көп жыл мурда ууртай баштагам. Мектептеги бий кечеге балдардын бирөө самогон алып келиптир. Кызымтал болгон абал мага жакты. Тартынмай деген жок, жашоого жолтоо болгон ойлор кайдадыр качат. Жеңилдеп, кайраттанып, маанайың шат...

Заседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей - Sputnik Кыргызстан
Уул-кызын муунтуп өлтүргөн аракеч келин. 90-жылдардагы кылмыштар
Кыздар да мага башкача карай башташты, же, балким, мага ошондой сезилдиби, билбейм. Ага дейре семиз деп жолошчу эмес. Ичип алганымда мамилелери өзгөрө түшчү. Алтургай, эрдемсинип, коркпостон мушташа да кетчүмүн...

Жогоруда айтканымдай, алагүү болуп жүргөн мага аябай жага баштады. Ошондон кийин көп иччү болдум. Акчаны кайдан болсо да табам. Эртеси башым бир ооруп койбойт, кайра шимирем. Ата-энем да мени ыкка келтире албады, апам мени бөпөлөп эле турчу. Атам, тескерисинче, мени жек көрчү. Өмүр бою милицияда иштеген. Оюнда анын жолун жолдошум керек эле. Бирок мен башкачамын, органдарда иштеп өмүрүмдү короткум келген эмес. Анын эркине каршы чыгып жатканымды түшүнбөй, барган сайын мага кыжырданганы күч алды. Анан 17 жашка чыккандан кийин тынбай иче баштадым.

Азыр баяндап жатып, ал кезимди эстесем, кадимкидей жаман болуп кетем. Кантип ошондой абалда жүрдүм экен... Бирок ал убакта жаман жолго түшкөнүмдү аңдап билиш кайдан. Айрыкча, ошондой куракта. Үй-бүлөбүздө ичкен киши болгон эмес, ооруга кабылганымды элестеткен да эмесмин. Бул — оору. Эрки боштук да, максат коё албагандык да эмес. Мага ичкен жакчу. Бир жолу өзүмө ичкенди эч качан таштабайм деп сөз бердим. Акыры не болду дейсиз? Эки университеттен айдалдым, аракечтиктен башка тажрыйбам жок.

Аракет кылып, кайра эле таз кейпиме түшөм...

Жалгыз ичемби, бирөөлөр менен кошуламбы, мага баары бир эле. Жатып ичер жан элем, бир жумушка орношом, эки-үч ай жакшы эле жүрөм, кайра ичип кетем.

28 жашымда үйдөн кетип, үй-жайсыз кишидей болуп калдым. Ата-энем — белгилүү адамдар, алардын жашоосун бузгум келбеди. Анткени соо келген күнүм деле болчу эмес. Паркта отургучта, көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришинде, тааныштарымдыкында түнөп жүрдүм. Менден көңүлү калган атама көрүнгөндөн көрө ошентип тентигеним дурус сезилчү. Аракеч уулу аны мүңкүрөтчү, кайгыртчу.

Артын карап отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйөөмдүн кордугунан да кыздарымдын ага ыктап кеткени күйгүздү. Таарынган эненин каты
Ата-энем мага жакшы эле жардам берүүгө тырышты. Наркологдорго жетелеп жүрүштү, майнап чыкпады. Акчанын баарын ичкиликке жумшап жатканымды ойлонуп, азыраак ичүүгө аракет кылган күндөрүм деле болду. Анан кайра эле баягы таз кейпиме түшөм.

Жакындарым мени алдап-соолап жатып дарыланууга жөнөтүштү. "Фирманы башкарасың, чоң жетекчи болосуң" деп убада беришти. Бирок ал үчүн аракечтердин анонимдүү тобунда дарыланышым керектигин айтышты.

Ошол бардар келечек үчүн дарыланууга чыгындым. Мына баары бүтөт, көбүрөөк акча таба баштайм дедим. Бирок ичкенди таштоого ниеттенген да эмесмин, себеби менде туура эмес жолдо жүрөм деген ой да болгон эмес.

Дарыланып жүргөндө аракеч экенимди аңдадым, бирок акылым жеткени менен жүрөгүм аны кабылдагысы жок. Акыры анонимдик аракечтер тобунан да мени кубалап чыгышты. Мен кайра ичкиликке берилдим. Эки апта көчөдө жашайм, мени кайра үй-жайсыз деп ойлошот.

Анан бир бүтүмгө келдим, ичпей да коё албайт экенмин. Чечкиндүү боло албасымды түшүндүм. 25ке чыгайын деп калгам, же бир иштин учун кармаган киши эмесмин. Анан кайра аракечтердин баягы жашыруун тобуна кайттым. Дарылоого бир сом да алышпады. Оңой-олтоң болбоду, бирок баарын аңдадым. Ошентип, жашоомдун нугун өзгөрттүм.

32 жашымда киши катарына кошулдум

32 жашка толгонумда болочок жубайыма кезиктим. Жолугушуудан кийин дароо эле өзүм жөнүндө жашырбай, баарын ачык айтып бердим. Анда бир нече жыл ичпегендиктен өңүм да жакшырып калган. Аракечтин кебетесинен арылганча бир жылдай убакыт кетет экен. Же меники ошондой болгонбу, билбейм.

Өрт өчүргүч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мас болуп аялы менен балдарын тирүүлөй өрттөп... Октябрдагы соттук чечимдер
Айрымдар бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кеткениме ишенишчү да эмес. "Сен ичпейсиң го, кайдагы аракечсиң?!" — дешет. Ичкичтер аракты татып коюп жүргөндөр эле эмес. Мен дал ошондой адаммын, бул оору. Андан айыгыш үчүн кан-жанын берип дарыланышы керек. Бул узакка созулат. Бул оору деп өзүмдү жана аракка берилгендерди актап жаткан жерим жок. Болгону фактыны келтирдим.

Соңку 13 жыл оозума ичкилик албадым. Сыра, бозо, кымыз дегендин баары унутулду. Чогулганда, кечелерде кылдат гана бокалдагыдан ооз тийип коём. Турмушумда жоготкум келбеген адамдар, жагымдуу учурлар арбын, ошондуктан өткөн турмушума кайра кайткым жок.

Ушул тапта ичкиликти таштай албай жүргөн кишилерге жардам берем. Интернетте телефон номерим бар, мага аракечтер, алардын жакындары кайрылып, өз окуяларын айтып беришет. Адамдын каалоосу жана шыктануусуна жараша багыт берем.

Жаңылыктар түрмөгү
0