Милиционерлер иш таштаганы жатабы. Бишкек ШИИБ үн катты

© Sputnik / Нурис АлымбаевМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жергиликтүү айрым ЖМКларга өзгөчө абал учурунда иштегендиги үчүн убадаланган кошумча акы төлөнбөй жаткандыктан, аймактык милиция кызматкерлери 15-июндан тарта жумушка чыкпоону пландаганын жазышкан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы калаадагы төрт райондун аймактык кызматкерлери коронавирус учурунда иштегендиги үчүн кошумча акыны албай калгандыктан иш таштаганы жатат деген маалыматты төгүндөдү. 

Буга чейин жергиликтүү айрым ЖМКларга өзгөчө абал учурунда иштегендиги үчүн убадаланган кошумча акы төлөнбөй жаткандыктан, аймактык милиция кызматкерлери 15-июндан тарта жумушка чыкпоону пландаганын жазышкан.

ШИИБден милиция штаттык режимде иштеп жатканын айтышты.

"Кошумча төлөмдөр тууралуу айта турган болсок, бул суроо ИИМдин көзөмөлүндө. Тиешелүү документтер дайындалып, Финансы министрлигине жөнөтүлгөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, шаардык милициянын жеке курамы жакында эле атайын инструктаж өтүп, башчы Канат Жумагазиевден коронавирустун тарап кетишин алдын алуу боюнча иш-аракеттер боюнча тапшырма алышкан. Алар мындан ары дагы базарларда, соода борборлорунда, коомдук транспортто жана башка жайларда жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0