Баланы үй оокаттарына кантип үйрөтүү керек. Адистин кеңеши

CC0 / Pixabay/ laterjay / Идиш жууп жаткан бала. Архив
Идиш жууп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, бала бир нерсе кылганды үйрөнсүн, эмгекчил болсун десе ата-эне кадимкидей убакыт, энергия жана каражат жумшашы керектигин айтат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Балага жумуш кылып, ата-энесине жардам бергенди үйрөтүү үчүн алгач ал өзү каалап, кылам деп жаткан учурда колунан тартып албаш керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине бала тарбиялоо боюнча Fly-mama долбоорунун автору жана убакытты туура бөлүштүрүү боюнча адис Света Гончарова айтып берди.

“Кичине кезинде бала ата-энеси кылган нерсени чогуу кылгысы келип, чаң соргучту талашып же тамак жасашкысы келген учурлар болот. Бирок биз кыла албайт деген ой менен баланы эч нерсеге жолотпой, колуна оюнчук карматабыз. “Кошо кармашпачы” деген сөз да чоң ката. Андан көрө кызыккан нерсесин көрсөтүп, бир азга болсо дагы процесске аралаштыруу керек”, — деди Гончарова.

Ошондой эле ал бала бир нерсени кылганды үйрөнсүн, эмгекчил болсун десе, ата-эне кадимкидей убакыт, энергия жана каражат жумшашы керектигин айтат. Анын пикиринде, көпчүлүк энелерде балага идиш жуудурсам кымбат баалуу чыныны сындырып коёт же ал бир саат кылган нерсени өзүм 15 мүнөттө жасай коём деген түшүнүк бар.

Тыйын кармап турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балага акча тууралуу билим берүү керепи? Финансисттин пикири
“Биз билим алсын деп мектепте, ийримдерге акча төлөйбүз. Кымбат баалуу кийим-кечек сатып беребиз. Эмгекке үйрөтүү деле ошондой убакыт жана каражатты талап кылат. Кымбат баалуу идишти же буюмду талкалап коёт деп аны ашканага жолотпой коюу туура эмес. Эгер сындырса андан сабак алат, кийин ага кылдат мамиле кылганга аракеттене баштайт”, — дейт адис.

Ошондой эле ал баланы чочутуп албаш үчүн “сен кылышың керек” дегендин ордуна “чогуу жасайлы” деген сөздү колдонуп, алгачкы жылдары бардык үй оокаттарын бирге аткарууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0